Ысык-Көлдө кыздарынын билим алуусуна тоскоол болгон ата-эне камакка алынды
Ысык-Көл облусунда 17 жана 12 жаштагы кыздарынын билим алуусуна тоскоол болгон ата-эне 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 5-апрелде SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
"Ысык-Көл райондук прокуратурасы ата-эне кыздарын жалпы билим алуу укугунан ажыратканын аныктаган. Анын негизинде 161-берене (жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) жана 338-берене (соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде райондук сот ата-энени 2 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Кыздардын атасы сот залынан кармалып, абакка киргизилди. Ал эми энесинин 14 жашка чейинки өспүрүмдөрү бар болгондуктан, абакка кармоо убактылуу жылдырылды", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле райондук прокуратура ата-эне кыздарын 5 жыл мектепке барууга тыюу салып жүргөнүн иликтеген. Андан сырткары, көчөгө чыгууга, башка адамдар менен сүйлөшүүгө, диний китептерден башка нерсе окууга, коммуникациялык технологияларды пайдаланууга жана медициналык мекемелерден жардам алууга катуу тыюу салып келгенин аныктаган. Жашы жете элек өспүрүм кыздардын башка балдарга салыштырмалуу психологиялык артта калуусу байкалганы да маалыматта кошумчаланат.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну окуучу кыздарын мектепке жибербегендиги үчүн административдик айыпка жыгылганын Ысык-Көл ОИИБинен билдиришкен.
кошулду
Ысык-Көлдөн кыздарын мектепке окутпаган ата-эне 2 жылга кесилди

Булар радикалдар эмес, булар жанагы Чубактын жомогуна, бейишине ишенгендер. Бөрк ал десе баш алгандар. Ушинтип балдарга билим бербей койсом эле, бейишти корот экенбиз - деп өзүн өзү алдап жашагандар.
фанатизм дейт ал эми чубак ажынын жомогу деп атасың өзүң ар кимдин жомогу угуп жүрүп Калагың кум кулак болуп калса керек
ишенип отурушат
Азыр баары эле диний илимдуу болуп кетишкен
Туура. Онорун болбосо, билимин болбосо каласын кочодо алкаш болуп же кудайчыл болуп, олор олгучо алла берет экен деп кыбыланы карап тиктеп.
Шарыятты ээрчигендер жетеленме уй болуп калышат. Молдолор кайда десе ошол жака кете беришет. .