Аялдамада адам өмүрүн алган жол кырсыгы. Айдоочу 2 айга камакка алынды
Аялдамада турган аялды сүзгөн айдоочу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөө иштери уланууда, сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алынган.
"Аялдамада турган аялды сүзүп, аялдаманы жарактан чыгарган 1994-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочуга карата 281-берененин 2-бөлүмү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 9-апрелде Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда айдоочу унаасын башкара албай калып, аялдамада турган аялды сүзүп, ал ошол жерде каза болгон. Ошондой эле аялдама да жарактан чыгып калган.
Катуу ылдамдыкта бараткан унаа аялдаманы талкалай сүздү. Окуя болгон жерде 1 аял көз жумду

Менин да бсшымдан өткөн:маршруткадан качам деп...а ал эч нерсе билбегендей кете берет