super.kg logo

Лейлектеги мыйзамсыз иштен мамлекет 201,5 миллион сом зыян тартты

 
Баткендин Лейлек районунда көмүр казуудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, эки ишкана бөлүнүп берилген жер тилкелеринен тышкары, 100 миң 519 чарчы метрди түзгөн токой жеринин кыртышын мыйзамсыз бузушуп, 739 миң 494 чарчы метр көлөмүндө калдыктарды төккөн жана жаратылышты пайдалануу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү төлөшкөн эмес.
Натыйжада, токой жерлерине 66 миллион 342 миң 540 сом зыян келтирилип, бюджетке 135 миллион 214 миң 453 сом түшпөй калган. Жалпы зыян 201 миллион 556 миң 993 сомду түзгөн.
Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди өз убагында токтотушпай, ишканалардын мыйзамсыз иш жүргүзүүсүнө шарт түзүшкөн.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.





Лейлектеги мыйзамсыз иштен мамлекет 201,5 миллион сом зыян тартты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: