super.kg logo

"Ош базарындагы" өрт чектөөгө алынып, бирок жер төлө дагы деле күйүп жатат (фото)

 

"Ош базарынын" "Берекет" соода түйүнүнөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт саат 07:40да чектөөгө алынган.

"Бүгүн "Ош базарында" 3-ирет тилсиз жоо орун алды. Өрт таңкы саат 3:00дөр чамасында чыгып, базардын жалпы 2 миң чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрттү өчүрүү үчүн 14 машина жана 90го жакын өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Учурда соода борборунун ар кайсы бөлүктөрүнөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бирок базардын жер төлөсү дагы деле күйүп жатат. Базардын үстү темир менен жабылгандыктан өрттү толугу менен өчүрүү кыйынчылык жаратууда", - дейт ал.

Ошондой эле министрдин орун басары Калыс Ахматов өрттөн жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин 30-январда "Сейтек" жана "Берекет плюс" кичи базарында өрт чыгып, 118 соодагер зыянга учураган. Ал эми экинчи ирет катталган өрт мурда өрттөнгөн "Сейтек" базарынан чыккан.


кошулду





ӨКМнын өкүлү "Ош базарындагы" өрт тууралуу

Ош базарында дагы өрт чыкты

“Ош базарында” үчүнчү жолу өрт чыкты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
13.04.2018. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Даа,бироо конкретно киришкенго ош базарына
13.04.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чын эле. Бироо атайын кылгандай. Болбосо бир жолу мейли кокустук болсун. 3жолу тан калычтуу
13.04.2018. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы жери ошскийдин?
13.04.2018. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Берекет го
13.04.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кичинекей калкпыз озу тен жарымы орусялап журсо тен жарымы кредит мн жан баккан элди мынча чондор кыйнады
13.04.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн окунучтуусу скал атан тан атканча товарларды. Урдагандар адам болбой ошол акча ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-13 09:44:25
13.04.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош базарын шаардын ортосунан сыртка чыгаруу акырындап иштеп баштагандай сезилет. Бул жерди жакшылап изилдесе бирөөлөрдүн кызыкчылыктары бардай сезилип турат
13.04.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чындыгында эле бироого керек болуптур бул жер. Бирок ушул жерден нан таап уй булоосун багып жургон карапайым калк бар экенин унутушпаса жакшы болмок. Азырынча жыргай бергиле силерге дагы кудай бардыр...
13.04.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироо бироого очошуп орттоп жатат деп уктум, бироолордун айынан карапайым адамдар жабыркап жатышат, башка олколор кооздоп ондоп жатышса биздикилер орттоп жатышат, кандай адамды кандай эне тууду экен. Окунучтуу.
13.04.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии байкуштар эми кредит алгандар эмне болот эми?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: