super.kg logo

"Ош базарында" 3-жолу чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду

 

"Ош базарындагы" 3-жолу чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты. Шаардык милициянын маалыматына караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат “102” кызматына түнкү саат 3:55 чамасында келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин жетекчилиги барган жана ошол жерде тергөө тобу иштеп жатат. Материалдар Ленин РИИБинен каттоого алынды. Бул өрт фактысы боюнча Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 238-беренеси (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө тобу өрт-техникалык экспертизасынын адистери менен биргеликте өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатышат. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа беришет", - деп билдиришти ШИИББден.

"Ош базарындагы" өрт "Берекет" соода борборунда катталган. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 2 миң 500 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган. Товарлардын арасында кийим-кече менен желим буюмдар толук өрттөнүп, жалындын күч алышына себеп болгон.






"Ош базарында" кайрадан өрт. "7 миллион сомдук товарым өрттөнүп кетти" дейт соодагер

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
13.04.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өтө эле ОШ базарына кызыккандар билинип жатат...Ондоо керек!!!
13.04.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кылмыш иши козголгону менен жыйынтык чыгара албайсыңар. Эл өзү териштириш керек окшойт. Биринчи жолу болсо да кырсык дейт элек.
13.04.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бомба сыяктуу атылып чыккан заттар менен орттолду атайын 4-5 жерден орт чыкты бир жерден чыкса да ишенесин. Ким кылса да кудай 10 есе жакшылык берсин.
13.04.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош базарды кочургондон кийин,ким курулуш курса ошол кылмышкер болот.Ошол жерди алыш учун атайын уюштуруп атат.
13.04.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде кылмыш козгоп Кайра эле карапайым бир адамды зокурлар мойнуна алдырып кылган адам журот анан жыргап
13.04.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш элдер, эмне болот эми алар)))))
13.04.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бугунку кабар жалан эле ош базары болуп кетиптирго башка кабарлар жокпу дуйнолук кечкеле айта бересинерби
13.04.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zainidin96, Биринчи эмес 3-жолу куйуп жатса корсотот да. Эми кандай чечим чыгарышат, кудай билет. Орто жолдо элге эле жаман болд. Ким уютурса дагы жазасын алса экен, шумшук, канча адамдардын убалынакалышты.
13.04.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол карапайым калктын нан таап жеп жаткан жерине кызыккандарды, ошончо адамдын убалы тийип ,каргыш атасын, дээги ,жакшылык корбосун, кылмышты акча жеш учун козгоштуда, чыркыраган элге куйуп козгошту беле,
13.04.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш содагерлерге жаман болду да канчалаган товар лары олду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: