super.kg logo

Өлкөдө 3 ай ичинде өрт кырсыгынан 28 адам көз жумду

 

Өлкөдө 2018-жылдын 3 айында 878 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 3 айында катталган өрт 2017-жылдын 3 айына салыштырмалуу 19,9 пайызга көбөйгөн. Өрттөн 28 адам каза болсо, алардын бирөө кичинекей бала болгон. Ал эми өрт кырсыгынан 15 адам жабыркап, 43 адам жана 292 миллион сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Тилсиз жоонун 36,3 пайызы электр жабдууларын колдонууда этият болбогондуктан улам келип чыкса, отко кайдыгер мамиле жасоодон 26,5 пайызы катталган, 18,8 пайызы мештерди жана морлорду этиятсыз колдонуудан болсо, 7,1 пайызы балдардын от менен ойноосунан улам болгон. Катталган өрт кырсыктарынын 68,6 пайызы турак жай секторлорунда болгон.

Чүй облусунда 257 өрт катталып, 12 адам каза болгон. Бишкек шаарында 172 өрт катталып, 4 адам каза болгон, Ош облусунда 111 өрт чыгып, 1 адам каза болсо, Жалал-Абад облусунда 109 өрт катталып, 3 адам каза болгон. Ысык-Көл облусунда 100 өрт катталып, 3 адам каза болсо, Баткен облусунда 41 өрт чыгып, 4 адам каза болсо, алардын бири кичинекей бала болгон.

Өрттүн 602си турак жай секторунда болуп, 26 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.04.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар кырылмай болдукго орт кырсык жол кырсыктарынан кудайым Ыйман берсин баарыбызга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: