super.kg logo

Баңгизат менен кармалган шектүү өз өмүрүнө эки жолу кол салып, ооруканада каза болду

 

Баңгизатын чет өлкөгө ташууну уюштуруп жүргөн шектүү өз жанын кыюуга эки жолу аракет кылып, акыры ооруканада каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран 13-апрель күнү эки килограммдан ашык баңгизаты менен кармалган. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кармалган жаран КМШ өлкөлөрүнө баңгизат ташуу боюнча туруктуу канал түзгөн.

"13-апрелде Ош шаарынан 47 жаштагы А.С. аттуу жаран кылмыштуу баңги тобун уюштурган деген шек менен колго түшүрүлгөн. Анын унаасын тинтүү учурунда жалпы салмагы эки килограммдан ашык баңгизат табылган. Шектүү кармоо учурунда өз жанын кыюуга аракет кылган. Муну байкаган УКМК кызматкерлери ага медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кечээ, 14-апрелде А.С. кайрадан сол колунун кан тамырын кесип, Ош облустук ооруканасына жаткырылган. Кийинчерээк анын кан басымы кескин түшүп, жандандыруу бөлүмүнө которулган. Абалы оорлошкон шектүүнүн өмүрүн дарыгерлер сактап кала алышкан жок", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, прокуратура окуя тууралуу териштирүү иштерин баштады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.04.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оз омуруно кол салдыбы же, потстава кылып, уруп мойнуна алдырганда катуурак уруп олтуруп алдвнарбы
15.04.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишенбейм
15.04.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оз жанын озу кыйдыбы? Мойнуна ал деп уруп журуп олтуруп койуштубу? Приемныйда иштегенимде бир кызды алып келишке кулак,мурдунан кан агып,озуну озу дубалга урду деп,корунуп эле турат оздору урганы.
15.04.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми туугандары чыгат турбайбы, олтуруп салды деп. Андай болсо банги зат таашыбасын!!!!
15.04.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Крим дуйнодо тартип кучтуу дейтго. Бирде бир жигит менен суйлошуп калгам тапшырманы туура аткара албаса ХХХХ кылып койот ХХХХ болгуча олгон артык деп
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-15 23:09:58
16.04.2018. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эми ким куноолуу милицияны куноолошот. Алар тийишпейт алар деле коркушат кантип кылмышты моюнуна алдырат эле ойлонуп жазсанар! Ошондой артист болгон кылмышкерлер толтура... эми конечно караган эмессинер деп текшеруу журотта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: