super.kg logo

Момбеков: "Фарид Ниязов КСДПнын төрагасынын орун басарлыгынан кетет"

 

Фарид Ниязов КСДПнын төрагасынын орун басарлыгынан кетет. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин жыйынында белгилүү болгонун SUPER.KG'ге депутат Рыскелди Момбеков кабарлады.

Анын айтымында, Ниязов партиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп, "Апрель" аталышындагы кайрымдуулук фондду жетектейт.

"Партия төрагасы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйын аябай пайдалуу болгонун, мындан ары бат-баттан жолугушуп турууну айтты. Андан сырткары, орун басары Фарид Ниязов партиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп, жаңыдан түзүлгөн "Апрель" деген кайрымдуулук фондду жетектөөгө кетет экен. Анткени, жыйын учурунда мен мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы араздашуу Фарид Ниязовдун айынан болгонун, ошондой эле ал президенттик аппаратты жетектеп турган учурунда фракция менен болгон байланышта кемчиликтер кетиргенин айттым. Кийинки жолугушууда анын ордуна башка адамды шайлоо боюнча маселе каралат", - деди Момбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-апрелде Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары менен "Ала-Арча" резиденциясында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу бир жарым саатка созулуп, анда Атамбаев партиянын төрагасы катары өз программасы менен тааныштырып, өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди.

Маалымат үчүн: 2017-жылы Чыныбай Турсунбеков КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан кеткенде Ниязов анын ордун ээлеген. Андан соң Ниязов президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеп, кийин анын кеңешчиси болуп, президенттик аппарат башчылыгына дайындалган. Быйыл 7-мартта Ниязов президенттик аппарат башчысы кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
16.04.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Атамбаев депутатарды чогултуп жыйын откоргонго акысы жок ал пенсияда.Саясаттан да биротоло кетиш керек анын ыйгарым укуктары токтотулган.
16.04.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Атамбаев эс алчы корунбочу козго
16.04.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uli1234,++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++
16.04.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушу экс президентти корсом нерв боло берем!
16.04.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бука жокто торпок бий болуп - журчу эле эми АША келип бул Фаридти бир сузгон окшойт.
16.04.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Момбеков жакшы депутат коп министр башкаларга караган да мекенчил адам сыйлайм.
16.04.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апрель деген фонду эмне иш кылат экен? Ким финансылайт, мамлекеттке жуктоп койсо керек, анан ал фонду Атамбаевдин саясатын жургузгондорго акча толоп турса керек?
16.04.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азаматсын АША сизди колдойбуз. Коп ишти жасадыныз.
16.04.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбайдын адамдарын тазалап жок кылыш керек андай кылбаса бут тосуп жатат пенсиядагы адам тез тез бандиттердей эле чогултуп жатат ички иштер органдары катуу кармаш керек андай кылбаса мамлекетке зыяны тиет пайдасы жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: