super.kg logo

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян отставкага кетти

 

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кызматтан кетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болуп дайындалышына каршы оппозиция башында турган митинг уланып жатканына бүгүн 11 күн болду.

"Ереванда жүрүшкө чыккан он миңдеген адамдардын катарына ондогон аскер кызматкерлери да кошулган. Аскердик кийим кийгендер журналисттерге жооп кылып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, бирок "эл менен болууну" чечкенин билдиришкен. Ошондой эле жекшембиде митингде кармалган оппозициячылар Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян бүгүн бошотулду", - деп жазат басылмалар.

Айта кетсек, 17-апрелде парламент Серж Саргсянды премьер-министрликке жактырган. 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.


кошулду





Армениянын премьер-министри нааразычылык акциялары күч алган соң отставкага кетти

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
23.04.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде депутаттар эле кетирип койушат бир эки ооз сөз менен эле
23.04.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ali-han,1 сааттын ичинде эле кетирип салышты го, саясий ө*үктөр
23.04.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуну көрмөк,биздин АШАга сабак болдуго дейм,экөө бирдей саясат жүргүзүп аткан,референдум өткөрүп баш мыйзамды өзгөртүп,өздөрүнө туурлашкан,оюу ишке ашпай калды
23.04.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
москвада армяндар майрамдап журушот кыйла еле кылган окшойт ал авам
23.04.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Революциянын башталышы бар, аягы жок.
23.04.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми парламентти созсуз таратат.
23.04.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кылышыптырда,Серж парламенттик кылып премьер болуп бийликти алайын деген экен.
23.04.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур... Эми армяндар ЕСке кошулуп Россиядагы армяндар азайса жакшы болмок.....
23.04.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну көрүшмөк,тим эле законду өздөрүнө ылайыкташып бурмалашат.АША дами чыкбай калды го Саркисян кандай абалда калганын көрүп.Себеби ушундай эле сценарий АШАга кайталанмак.Азыр 100 дөн уруп коюп жатса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: