Жылнаама: 45 жыл мурун Чарльз менен Диананын тарыхый үлпөт тою болгон
1981-жылдын 29-июлунда Улуу Британиянын так мураскери ханзаада Чарльз менен Диана Спенсердин үлпөт тою өткөн.
Лондондогу Сент-Пол соборунда өткөн салтанат "кылымдын тою" деп аталып, дүйнө жүзү боюнча 750 миллионго жакын адам тарабынан түз эфирден көрүлгөн.
Чарльз үйлөнүү аземине деңиз флотунун командиринин формасы менен келсе, Диана 10 миң бермет менен кооздолгон, узундугу 7,6 метр болгон шлейфи бар жибек көйнөк кийген.
Жубайлардын үй-бүлөсүндө ханзаада Уильям жана ханзаада Гарри төрөлгөн. Бирок мамилеси начарлап, алар 1992-жылы өзүнчө жашай башташкан. 1996-жылы расмий ажырашышкан.
Диана 1997-жылдын 31-августунда 36 жашында Парижде жол кырсыгынан каза болгон. Ал эми Чарльз 2022-жылы 73 жашында Улуу Британиянын падышасы болуп такка отурган. Ал тарыхта такка эң улуу жашында келген монарх болуп калды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















