super.kg logo

Европада WhatsApp тиркемесин 16 жашка чейинки өспүрүмдөр колдоно алышпайт

 

Эми Европа өлкөлөрүндө 16 жашка чейинки өспүрүмдөр WhatsApp мессенжерин колдоно албайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жашы 16га толо элек жаштар аталган мессенжердин кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ал эми компания колдонуучулардын жашына чектөө киргизгенин төмөндөгүдөй түшүндүргөн.

"Буга чейин WhatsApp тиркемесиндеги топтордо сүйлөшкөн колдонуучулар тууралуу жеке маалыматтарды чогултууга мүмкүн экендиги айтылган. Мындан улам Европа биримдиги 1 айдан кийин жеке маалыматтардын купуялуулугуна тиешелүү мыйзамды жаңылайт. Ошондуктан жаш балдардын өздүгү тууралуу маалыматтардын купуя болуусун камсыз кылышыбыз керек", - деп билдирген.

Аталган чектөө май айынын аягында ишке кирет. Эгер 16 жашка чейинкилер WhatsApp`ты колдоно турган болсо, ата-энесинин уруксаты талап кылынат.

Ал эми айрым өлкөлөрдө WhatsApp мессенжерин 13 жаштан жогоркулар колдонсо болору дагы айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.04.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи туура кылышат бизге да керек мындай чектоо
25.04.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
16жашка чыкканын каяктан билет
25.04.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдонуучу озу 15 жашта болсо жашын 17 кылып катталып кирип кетет
25.04.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Европада жада калса телевизор корууго 2 саат гана убакыт берилген, калган убакта сабак окушат, ар кандай кружокторго барышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: