super.kg logo

"Чечме" өткөрмө бекетинен сиңдисинин паспорту менен Өзбекстанга өтүүнү пландап жаткан аял кармалды

 

Кечээ, 25-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Чечме" чек ара өткөрүү бекетинен сиңдисинин паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 36 жаштагы А.С. аттуу Орусиянын жараны болгон.

"Шектүү өткөрмө бекеттин документтерди текшерген жеринде 35 жаштагы А.С. аттуу Кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн. Чек ара кызматкерлеринин күмөн саноосу документтеги сүрөт менен жарандын окшошпогондугунан улам жаралган. Сурак учурунда А.С. тынчсызданып, өзүнүн кол тамгасын кайталап коё албай койгон. Кийин сиңдисинин паспортун алганын, алар окшош экенин айткан. Ошондой эле ал Өзбекстандын Сох районундагы ооруканага бара жатканын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү документтер толтурулуп, шектүү ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.04.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруканага бара жаткан болсо жон эле откоруп жибербейби тим эле таза иштеген адам болбой ушу бизде бири бирибизди буттан тарткан адат калбадыда
26.04.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
yasin11, Оаа десен. Айдаркендеги больницадагылар эч нерсени билишпейт барып текшерилейин десен оозуна батканын айтат.сохто точно бирок 100 сомго жетпеген акча алат
26.04.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 20 жашыма чейин инимдин туулгандыгы туралуу куболугу менен эле отуп журдумго ал посттон☺
26.04.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу орусиянын гражданы деп откорбогону жаман да ошолордун биз да айланып отуп журобуз дайым
26.04.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа,Сохто жакшы карашат го,ошого барып корунойун деген кези болсо керек эле даа
27.04.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруган адамды тек эле койсоңор ооруунун кадырын ооуган жан билет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: