Кара-Кулжанын тургундарына электр энергиясына берилүүчү жеңилдиктин көлөмүн 1000 киловатт саатка көтөрүү керектиги айтылды




26-апрелде Кара-Кулжа районундагы 12 айылдык кеңештин төрагалары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуп, райондогу бир катар социалдык көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Жолугушууда алар Дастанбек Жумабековго электр энергиясына берилүүчү жеңилдиктин көлөмүн 700 киловатт сааттан 1000 киловатт саатка чейин көтөрүү зарылчылыгын айтышты. Андан тышкары, Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы райондо жерлерди трансформациялоо маселеси курч болуп жаткандыгына токтолуп: “Бул көйгөй чечилсе, көптөгөн мекендештерибиз жер которуп, мигрант болуп кетүүдөн баш тартышар эле”, - деди.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле жолугушууда суу, жол, көпүрө өңдүү көйгөйлөр да көтөрүлүп, аны чечүү жолдору айтылды.
Төрага Дастанбек Жумабеков айыл менен шаарлардын ортосундагы айырмачылыкты азайтуу керектигин белгиледи. “Мамлекет башчыбыздын демилгеси менен быйыл аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Андыктан айыл менен шаарлардын ортосундагы айырмачылыкты азайтып, ал жактагы инфраструктураларды жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Сиздер жергиликтүү кеңештин депутаттары катары көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун жакшы билесиздер. Ага ылайык, биз тыгыз кызматташып, эриш-аркак иш алып барабыз деген ишеничтемин”, - деди Жумабеков.


Бул чектоону дегеле алып салууга давно убакыт жеткен. Ошону спикер кантип билбейт?!! Соке кантип билбейт?!!
Бишкектин жаны конуштарындагы ижарага берилген ит кепеге окшогон тамдарда эч кандай шарт жок. Печка да жок. Колунда жок жаш уй-булолор кичинекей наристелери менен ошого окшогон жер тамдарды ижарага алып жашайт. Кыштын суугунда айла жок ток печке менен жылынышат. Ошолорго кыйын болду баарынан да. Бийлик аларды шайлоо алдында гана эстейби?!!
Же качан гана эл которулуп митингге чыкканда гана кулак салабы элге, оздорун эл окулу деп атаган жепжутарлар?!!