super.kg logo

Ысык-Атада коңшу аялдын үйүнө уруксатсыз кирип, аны түрдүү ыкмада зордуктаган тургун 8 жылга соттолду

 

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту кошунасын зордуктаган Талантка (аты өзгөрүлдү) карата чечим чыгарды.

Аны эмнеге айыптап жатат?

2017-жылдын 13-ноябрында болжол менен саат 22:00 чамасында Ысык-Ата районуна караштуу айылдардын бириндеги батирде кошунасы Сонянын (аты өзгөртүлдү) жалгыз жашап жатканын билип, анын үйүнө барып коркутуп, ур-токмокко алып зордуктаган.

Айыпталуучу Талант эмне дейт?

Ал 2017-жылдын 13-ноябрында болжол менен саат 22:00 чамасында өзүнүн үйүнөн чыгып, башы ооруганына байлыныштуу баш жазуу максатында жабырлануучу Сонянын үйүнө келип, эшигин такылдаткан. Жабырлануучу үйүнүн ичинен жооп бергенин жакшы укпай калган. Ошол маалда жабырлануучунун үйүнүн жанындагы топ балдарды көрүп калып алар менен бир аз убакыт сүйлөшүп, кайра жабырлануучунун үйүнө барган. Соня аны биринчи жолу барганда кир деп айткан болуш керек деген ой менен үйдүн күн чыгыш тарабында жайгашкан балконунун эшиги менен үйүнө кирип барган.

Үйүнө киргенде астынан ит каап, бутуна асылган. Ал коргонуу максатында ашканадагы столдо турган бычакты алып итти коркутуп жаткан мезгилде жабырлануучу келип калган. Ошол жерде сөздөн сөз чыгып жабырлануучу аны түртүп, жагымсыз сөздөр менен сөгүп, жаагына чапкан. Ал чыдабастан аны бир-эки жолу далы тарапка уруп салган. Экөө кайра сөзгө келип, ал жабырлануучудан арак сураган. Соня үйдө спирт ичимдиги жок деп, ага 20 сом берип, дарыканадан спирт алып ичели деп сунуштаган. Экөө 20 сом алып жабырлануучунун үйүнөн чыгып дарыканага барышкан. Талант дарыканага кирип чыкканча Соня белгисиз тарапка кетип калган. Ал дарыканадан чыгып, башка адамдар менен жолугуп спирт ичимдигин ичип өз үйүнө кеткенин айтат.

Жабырлануучу Соня эмне дейт?

2017-жылдын 13-ноябрында ал өзүнүн батиринде эс алып жаткан мезгилде болжол менен саат 22:00 чамасында күн чыгыш жагында жайгашкан балконунун эшиги менен Талант кирип келип андан спирт ичимдигин сураган. Ал спирт ичимдиги жок деп, аны үйүнөн чык деп түртүп, жагымсыз сөздөрдү айтып, бет жагына уруп жиберген. Андан кийин Талант аны түртүп жиберген. Сонянын каршылыгына карабай, Талант бычак менен коркутуп, жөнөкөй жана аналдык түрдө жыныстык катнашта болушкан. Талантты коё бер, токтот десе да укпай зордуктаган.

Ал соттолуучуну тез кетирүүнү ойлонуп, үйдөн тез чыгуу максатында соттолуучуга 20 сом берип, дарыканадан спирт алып суу менен аралаштырып ичебиз деп алдап, Талант менен дарыкананы көздөй барышкан. Талант дарыканага кирген соң Соня өзүнүн келининин үйүнө качып кеткен. Ошондой эле келинине Талант мас абалында кирип зордуктаганын айтып берген. Соня жыныстык катнаштан кийин жуунуп чыккан. Анын келини милиция кызматкерлерине чалып, ошол эле күнү милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылганын айтат.

Күбө эмне дейт?

Анна (аты өзгөртүлдү) 2017-жылдын 13-ноябрында болжол менен саат 23:00 чамасында үйүнө кайненеси Соня денесинин баары көк ала болуп чуркап келгенин айткан. Соня Аннага үйүнө чала тааныш Талант деген адам уруксатсыз кирип, Соняны себепсиз сабап, анын макулдугусуз зордуктаганын айтып берген. Анна айтылган окуяны угуп дароо милиция кызматкерилерине чалган. Көп убакыт өтпөй анын үйүнө милиция кызматкерлери келгенин айтат.

Натыйжада

Сот Талантты 8 жылга эркининен ажыратып, жазаны күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсүнө чечим чыгарган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
02.05.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимисине ишеништи да билбейсин... Зордукталганы ырас болсо жуунбай турат да, чон эле аял болгон сон билиши керек. Андайда биринчи болуп милицияга чалат. Милициядан жуунбай тур деп айтышкандыр. Поставага окшоп турат...
02.05.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
fantomas,ошондой жийиркеничтуу окуядан кийин сен жуунбай журо алмаксынбы. Ойлонбой эле атайын подстава кылды дейсин го. Ою бузулган учун балкондон кирип барган да
02.05.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nurhan2702, суд.экспертизадан отушу керек. Ошону кантип билбейт чон эле катын?..
03.05.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
fantomas, суд эмес мед экспертиза десен жарашат
02.05.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Подстава болгон мезгилде да никесиз жыныстык катнашка барууга катуу тыйуу салынат.эми жазасын алсын.
02.05.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандай болгон кундо да балкондон кирип барганга акысы жок да. Зоокур турмодо зордукталсан экен жашабагыр
02.05.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
8 жылга. Бул өтө эле аз. Азыр кыз-келиндер көп, үйлөнүп эле жакшынакай жашаса болот го. Карыз алып, катын ал дейт.
03.05.2018. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир шпили вили деп сегиз жылга кетиптир да эргул.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: