Индияда катуу шамалдан улам 70тен ашуун адам каза болду
Индияда катталган катуу шамалдан 70тен ашуун адам каза болуп, ондогон киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-майда Уттар-Прадеш жана Ражастан штаттарында катуу шамал катталган. Катуу шамалдан улам электр мамылары менен бак-дарактар кулап, бир нече райондордо электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Аны менен бирге катуу жааган жамгырдан улам айрым үйлөр урап, жалпысынан 70тен ашуун адам каза болсо, ондогон тургун жаракат алган.
Айта кетсек, буга чейин Индиянын борбору Нью-Делиде да катуу шамал болуп, бактыга жараша, окуядан жабыркагандар болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kg_emilbekov

03.05.2018. 15:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор ушундай апатан бизди
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.