super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз иштеген 26 казино табылды

 

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине кумар оюндарын ойноочу жайлар боюнча кайрылуулар келип түшүп, анда жарандар казиного үйлөрүн, унааларын жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уттуруп жатышкандыгын билдиришкен. Аталган маалыматты ИИМдин жетекчилиги көзөмөлгө алып, бул багыт боюнча милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп башташкан. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан мыйзамсыз иштеген 26 кумаркана табылган. Оюн залдарынын бешөө Ленин районунан, тогузу Биринчи Май РИИБинен, калганы Октябрь жана Свердлов райондорунан табылган.

"Топтолгон материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда республиканын ар бир аймагында кумар оюндарын ойноотуучу көмүскө жайларды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратта мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана бар экени аныкталган. Ал эми ошол жерде ойногон оюнчулардын бири 4 сааттын ичинде 50 миң сом уттуруп жиберген. Ал эми дагы бир кумарканадан 500 миң сомго жакын акчасын уттурган Тимур аттуу мырза өзүнүн кантип алданып калганын SUPER.KG порталына айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
09.05.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бишкектан бар жок нерсени тапса болот
09.05.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мурда билбегендей тур корсотот да ИИМ
09.05.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бишкекте сойку каналар бар экен дегендей эле кеп да
09.05.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне мыйзам менен иштеген да казино болобу? Бул казинону жонокой айылдан барган адам иштет беле...Баягы эле эл башында турган мвйзам чыгаруучулар оздору чыгарган мыйзамга каршы иштейт да.Же ошолордун тууган уругу,достору...
09.05.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошолорго крыша болуп келген милиция, чондорду бошотсо бир аз болсо да тазаланат беле.
09.05.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жабылганы жакшы эми кайра кайталанбаш учун аларга кандай чараларды колдонот ошол жагын караш керек
Законго туура келбеген ишти кылган учун сотолушу кк
09.05.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон тен болуш учун баары сотолсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: