Сооронбай Жээнбеков: "Сот реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот"








Сот деген - адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийиринин алдында да өтө таза, акыйкат инсандар болушу керек. Мындай сөзүн президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда анын төрагалыгында өткөн Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында айтты.
Президент реформаны аткарууга милдеттүү мамлекеттик органдар бир ыргакта, бир багытта иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы реформанын жүрүшүн такай мониторинг кылып туруу максатында тиешелүү жумушчу топ түзүлөрүн айтты. Анын курамына кеӊештин мүчөлөрү да кирет.
Сооронбай Жээнбеков берилген сунуштар менен сын-пикирлерди өкмөт жана Жогорку Сот эске алышы керектигин айтып, өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна киргизүүнү тездетүүгө чакырды.
“Сот системин өзгөртүү – коомду өзгөртөт, биздин өнүгүүбүзгө кедерги болгон факторлор жоюлат. Ошондо гана өлкөбүз өнүгөт. Сот-укуктук реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот”, - деп белгиледи өлкө башчы.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ылайык кийинки жумада сот реформасы боюнча ишти тездетүү максатында жарлыкка кол коюлат.
Сооронбай Жээнбеков: "Соттук реформаны тездетүү керек"







1 |