Чүй ОИИББи: "Алай" футболдук клубунун оюнчусунун сабалышы боюнча юридикалык баа берилет"
"Алай" футболдук клубунун оюнчусу Алиа Силланын сабалышы боюнча юридикалык баа берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"20-май күнү саат 18:00 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБине Кант шаарындагы футбол ойноочу спорт аянтчасында пикир келишпестиктен коомдук тартипти одоно бузуп, бейбаштык кылып жаткандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол замат окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Учурда чогултулган материалдар кылмыш окуяларын каттоо китепчесине катталды. Мындан сырткары соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - дейт маалымат катчы.
Айта кетсек, буга чейин бишкектик "Алга" менен Оштун "Алай" клубдарынын ортосундагы беттештен кийин "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла сабалганы маалымдалган.
Футболдук беттештен кийинки мушташта "Алайдын" оюнчулары сабалды

Оюн учурунда ошол жерде болуп коопсуздукту сакташ керек болчу
Анан кыргызчылык кылып, 30 адам сабаса учоо сабады болуп, алар да сотко жетпей акталып кетсе, анда мындай милиция, тергоочу, прокурор жана соттордун озун камап жазалаш керек!!!