super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасынан аткезчилик жол менен ташылып бараткан 100 миң куту тамеки кармалды

 

Кыргыз Республикасынын чек арачылары аткезчилик жол менен ташылып бараткан 100 миң куту тамекини кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда кабарлады.

“Өлкөнүн чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен биргеликте “Бирлик-2018” чек ара операциясын жүргүзүшүп, Талас облусунун Манас районунда орун алган “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайынан тиешелүү документтери жок жүк менен бараткан Мерседес-Гигант үлгүсүндөгү унааны кармашкан.

Текшерүү учурүнда унаада жалпы баасы 5 миллион сомдук 100 миң куту ар кандай маркадагы чылымдар бар экени аныкталган. Унаа Кыргыз жеринен Казакстан аркылуу Орусияга бара жаткан. Чылым кутуларынын көпчүлүгүнө Тажикстандын акциздик маркасы чапталган. Жүктү коштоп бара жаткандардын жанында эч кандай документтер болгон эмес, ошондой эле жүк кайдан келе жаткандыгын да айта алышкан эмес.

Жүктү тиешелүү документтери жок өткөрүүгө аракет кылган Кыргыз өлкөсүнүн үч жараны жана Орусиянын бир жараны кармалган. Тиешелүү документтер түзүлгөн соң жүк УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”, - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: