super.kg logo

Саякат үчүн каражат керекпи же каалообу? Кытайлык пенсионер саякаттоонун жеңил ыкмасын ойлоп тапты

 

Кытайлык Ян аттуу пенсионер саякаттоонун жаңы түрүн ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 67 жаштагы Ян туристтик жайларга барып, кызыктуу жерлерди көрүүнүн эң жөнөкөй жолун тапты. Тагыраагы, ал таштанды жыйноочу болуп иштөө менен туристтик жайларга барууга мүмкүн экенин далилдеген. Мындай чечимди Ян туристтик топтор менен саякаттоого чыккандан кийин кабыл алган. Ал туристтик топтор менен жер кыдыруу кызыксыз деп билдирген.

"Ар бир шаарда таштанды тазалоочу жумушчулар жетишсиз экенин билгем", - деген Ян Кытай жана башка чет өлкөгө саякатка барууга каражат топтоо үчүн таштанды жыйноочу болуп ишке орношкон. Муну менен бирге ар кайсы шаарга барып, белгилүү мөөнөткө чейин таштанды тазалап иштейт. Ал аймакты кыдырып бүткөндөн кийин башка шаарларга багыт алат.

Ян буга чейин Ляонин провинциясында темир жол кызматында иштеген. Ал саякаттаганды жакшы көргөндүктөн, пенсияга чыккандан кийин туристтик топко кошулган. Ал топко кошулуу үчүн 3650 юань (болжолдуу 572 доллар) акча төлөгөн. Бирок 20 күндөн кийин Янга саякат кызыксыз боло баштаган. Ошондо пенсионер саякаттоонун жаңы ыкмасын ойлоп табууга өткөн.

Жаңы ыкманын жардамы менен Ян Кытайдын 20 шаарын кыдырганга үлгүргөн. Жумуш учурунда Ян туристтик жайларды шыпырып, тазалоо менен алектенет. Иш убактысы бүткөндөн кийин ошол аймактарды кыдырып чыгат. Ал саякаттан кайтып келгенден кийин 10 миң юань (болжолдуу 1568 доллар) үнөмдөгөнүн айткан. "Мага канча каражат тапканым маанилүү эмес. Мен болгону туристтик топтор бара элек жайларды көрүүнү каалайм", - деген ал.






Көчө шыпырып жер кыдырган кытайлык пенсионер

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
22.05.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына сага жанылык
22.05.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун го мага жакты
22.05.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байлык, бийлик деп оорубаган бактылуу адамдардын бири экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: