super.kg logo

Казакстандагы жол кырсыгына кабылган 6 Кыргыз жараны бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

 

Казакстандагы жол кырсыгынан бир Кыргыз жараны каза болуп, бешөө жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 18-май күнү Самара-Чымкент унаа жолунун 566-чакырымында, Актөбө облусунун Жарсай-2 айылына жакын жерде болгон.

6 Кыргыз жараны Mercedes Е320 үлгүсүндөгү унаасы менен кырсыкка кабылган. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Кырсыкка кабылгандар Ош шаарынан Москвага бара жатышкан. Унаанын айдоочусу Ж.Т. кырсык болгон жерден каза болуп, калган 5 адам ооруканага жеткирилген. Учурда алардын бирөө жандандыруу бөлүмүндө, экөө дарыланууда. Ал эми эки жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кырсыктан каза болгон жарандын сөөгү туугандарына берилди”, - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда элчилик бул окуяны көзөмөлгө алып, кырсыктан жабыркагандар менен байланышта болуп турары айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.05.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол Актобо облусунда дайыма жол кырсыгы коп болот негедир кандуу жол болуп калган окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: