Милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да бычак сайган адамдын абалы оор
Чүйдө 20 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да бычак сайган адамдын абалы оор. Бул тууралуу Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Болот Майканбаев бүгүн, 28-майда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, бычактан жабыркаган 2 жаран ооруканага 27-майдан 28-майга караган түнү саат 01:00гө жакын келип түшкөн.
“Бизге экөөнүн тең абалы оор түштү, кыздын өмүрүн сактап калууга аракет жасадык, бирок каза болуп калды. Балага дароо операция жасалды. Ал өзүнө бычакты 3-4 жолу сайып, моюнунун күрөө тамырын да кесүүгө аракет кылган. Анын ичегилери эки жеринен тешилиптир, башка да ички органдары жабыркаган.Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор", - деп билдирди башкы дарыгер.
Буга чейин 27-май күнү 29-жаштагы Б.Д. үй-бүлө куруу максатында 20 жаштагы Т.Б. аттуу кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, милиция бөлүмүндө кызды бычактап салгандыгы тууралуу кабарлаган.
кошулду
Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн




Бычак кайдан пайда болду деген суроо жаралат экен?