super.kg logo

Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү аракети ишке ашкан жок

 

Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссиянын катына жооп берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал катты алар Өмүрбек Текебаевге Жазаларды аткаруу кызматы аркылуу өзүнө беришкен. Ал комиссияга ага ырайым берүүгө каршы экенин, анын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу башынан карап, аны толук актоо керектигин айткан.

Мындан сырткары институттан алар өздөрүнүн кайрылуусун кайтарып алышпай тургандыгын, бирок ошол эле учурда Текебаевдин да пикирин угууга милдеттүү болушканын айтты.

Айта кетсек, акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
29.05.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмышы далилденбей эле соттолуп кетсе ырайым сурабайт да Текебаев ак экенине ишенгени үчүн сот аркылуу актыгын далдейт эгер соттор туура чечим кабыл алса
29.05.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтат ишин башынан карап чыгышсын! Күнөөлүү болсо олтура берсин күнөөсү жок болсо акталсын! Ошондо Адилеттүүлүк болот!
29.05.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сотор силер барибир котсунор ...Ырыскелди Момбеков айткандай акыретте жооп бересинер ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-29 15:50:40
29.05.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текебаев акталсын! Жегендер камалсын
29.05.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыгарса канча деген сотор каралаган адамдар камалат ЖОН эле чыгармак беле
29.05.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаев суйлогондо Кудай буйруса деп суйлоп конгондо чыгат окшойт. Кайсы бир сессияда Кудайын качан буйруйт деп бир жетекчини кекелеген эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: