super.kg logo

Аскарбек Шадиев сырттан камакка алынды

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Ал кармалган соң 48 саат ичинде ишинин мыйзамдуулугу каралып, ага кабыл алынган чечим угузулат, андан соң кабыл алынган чечимге ылайык камакка алынат", - дешти мекемеден.

Учурда Аскарбек Шадиевдин кайда экени белгисиз. Жардамчысы Шадиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чет жакка чыгып кеткенин билдирген. Ал эми УКМК жана Коопсуздук кеңеши Шадиев өлкөнүн аймагынан чыкпаганын айтууда.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

Буга чейин ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.

Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.


кошулду





Аскарбек Шадиев АКШга кетүү үчүн чек арадан суу кечип өткөнбү?

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(22)
01.06.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бизде ушунда миллярдтап кыргызстанды тоноп башка мамлекеттен вилла алып кетип калат сырттан камап коет ал эми керегинче кыргызстанды тоногон кыргызстанды сүйөбү ал кайрылып келбейт УКМКа Каякты карап турду ал баарын алып кетип калганча баарынын башы бир Акаевтан бери сен кетебер сырттан камайбыз анан бащка мамлекетте жыргап жашай бер деп
01.06.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кылыпсынар сыртан камап омур бою камалды деп койбопсунарда бирожолу
01.06.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кечээ депутаттарга жооп берип жатып,Погран посттун айтуусу боюнча кыргызстандан чыккан жок -дединер элего Укмк эмне болду эми биягы?Ошондо ким калп айтты?
01.06.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Dembele84,Тундо качырып жиберип,бугун сыртынан кесилди кылып коебуз деген го.Оз ара соодалашуу болот да бул аткаминерлерде.
Болбосо тоок уурдаганды,кыз ала качканды изи сууй электе дешип кубалап кармашат,ал эми мамлекеттин казынасынан жегендерди кармай албай калышат.(Карга карганын козун чукубайт дегендей)(чиновниктер скользкий) келишет
01.06.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шадиев америкада экен үй камагына чыгыптыр,биздин УКМК каякты карап жатат
01.06.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына сокенин коррупция мн курошкон чыныгы жузу
nemo2016 түзөттү 2018-06-01 12:21:48
01.06.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына Жээнбековдун коррупция менен курошкону.Мадумаров айткандай болуп жатат бул жагы.Биздин коррупционерлерге сыртка чыгып кеткиле деген эскертуу учун кылмыш иши козголот.Себеби оздору дагы баарына аралашкан.Бирин камаса баарынын арты ачылат.Жээнбековдун таза адам дегенине дагы эл ишенбей баратат.
01.06.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
озу кете берсин мал мулкун мамлекетке откоргуло
01.06.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
уй булосунон бироону залогго алгыла анан коросунор кандай жетип келгенин
01.06.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буну атайлап качырышты баары бир акырдан жем жегендер. Качан онолушубузга коз жетпейт...
01.06.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озунун ордуна уйбулолрун кошуп камаш керек ошондо келет
01.06.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Кыргызстанда кылмышкерди жее коррупциянердиби айтоор сырттан эле камап коюш моода өзү негизи ал адамды издебей деле
01.06.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок УКМКга
01.06.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сүрөтүн камап койгула
02.06.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ali-han,ой боорум жаман кулдурдунуз)))))плакатын чон кылып илип койгула дебепсиз))))
02.06.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УКМК ийне жоголду ийне жоголду деп ойноп отурушат азырчы.
02.06.2018. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сокени шайлаган өз элимдин (көпчүлүгүнүн) башы жок. Мадумаров айткандай эле болуп жатат. Эмне болгон күндө да адилеттүүлүктөн үмүт үзбөй туралы. Буйруса өнүгүп жатабыз деп ИШНЕИМДҮҮ түрдө айтып калган күн келээр!!!!
02.06.2018. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карга карганын козун чукубайт жээнбековду эле мактайсынар ал деле убагында далайды жеген башканы чукуйун десе озунун косягы толтура балпылдап абышкача суйлогондон башка колунан ХХХХХХХХ да келбейт
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-02 21:15:16
02.06.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Шадиев аяшагамды Лейлектеги Аркадан сууну кечип чек арадан откон деп жомокту ойлоп тааптыр Аркадан тажикстанга эч кандай суу кечпей эле асфальт жолдон отсо эле кошналардын ходжент шаарына кирип барат
02.06.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеңилирээк жаза жок беле?
04.06.2018. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМКга караганда айылдагы участковыйлар да жакшы иштейт.Ким кайда жургонун билет.
SUPER.KG видео
05.06.2018. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке дагы кучтуу шоумен экен,соз жок. Резиденцияда XXXX экоо кучакташып,кулуп отурушат.Молодцы.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-05 08:51:12
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: