super.kg logo

УКМК Аскарбек Шадиевдин АКШда экенин аныктады

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кайда экенин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткен.

"Аскарбек Шадиев 27-апрель күнү Исфана шаарында жакынын жерге берүүгө катышып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз (суу кечип) өткөн. Анын жакын туугандары дарыланууга кеткенин айтышууда. Бирок тергөө органдарына кайрылбагандыгы үчүн издөө жарыяланды", - деп жазылган билдирүүдө.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

Кечээ, 31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган.


кошулду





Аскарбек Шадиев АКШга кетүү үчүн чек арадан суу кечип өткөнбү?

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(50)
01.06.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызда кыргызчылык жоюлмайынча корупция жоюлбайт. Сураштырып келсе эле бири-бирине тууган, куда, болбой калса акыры уруусу бир чыгып калат. Анан кыргызчылык кылып бири-биринин конулун калтырбай качырып ийишет да.
01.06.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кинодогудай качыптыр да,коп доллар жесе керек.Эми желген акчанын баарын Шадиевге оодара бергиле.
01.06.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Президентиңер ушунтип корупция менен күрөшүп жатат! Досунун командасынын качыртып! Силер мактап жүрөсүңөр иштеп жатат деп корупциянерлердин баары досунун командасынында! Текебаев бекер айткан эмес мородерду ээрчитип көрсөтөм деп!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-06-01 14:48:37
01.06.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качса качып кетти деп отура бербей үй-мүлкүн тартып алып мамлекетке келтирген чыгымын жаппайбы? Өзүн качан тутулганда камай беришет да. Качып кетсе эле кутулуп кетише береби. Үй жайын кошо көчүрүп кеткен жок. Акцияларын банктык эсептерин баарына арест коюу керек. Ким кайсы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген болсо ошол жака качат. Шадиев Акаевдин доорудан бери ар бир бийликте иштеп келген.
01.06.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
30 миң $ бул кишиге 30 сомдой эле.
Банктагы счетторунан эле 30-40 миллион $ чыктыго. Мына, бүгүн заңгыраган Кыргыстандагы эң чоң Ала-Арча ТЦ ачып койду...
01.06.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кенири эле чыгып кеттида эми ошентип кое беришет оздору мумукунчулук бергендир качфп кетишине
01.06.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
УКМК оозун ачкыча,,, Шадиев жетер жерине жетип алган эчааак эле.
01.06.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
А баракелде.Ушул калыбынардан жазбай иштей бергиле
01.06.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карапайым элди бир тоок урдаса 7-8 жылга камап, тергоо учурунда СИЗОГО отургузуп коесунар. Ал эми миллиондорду урдагандарды озунор баш болуп самолётко салып узатасынар. Сооронбай Шарипович деле катардагы жомокчу жана калп убада бергендерден экенин корсотту. Акыйкат жок Кыргызстанда.
01.06.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атайын качырды укмк бул план ишке айшты эми баары ойдогудай акчаларын болушуп олтурат укмк дагылардын оздорун камаш керек баарын жаныдан баш таш керек озбектин ажосу бир алганда учжуз торт жуз кызматкерди иштен алып койгон ошондой кылыш керек жеенбеков коррупция менен курошушу мумкун бир анын жанындагылар озу билгенин кылышып жатат
01.06.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катта каналдан сүзүп өткөнбү дейм. Жаш баланы алдагандай алдайсынарда СУУ КЕЧИП деп. Аркадан Таджикистанга паспортунду көрсөтпөй эле кирипкетесин.
01.06.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечээ эле Дамирбек Сагынбаев,оозу мурду кыйшайбай Шадиев КРда дебеди беле?Дагы жанды чыгарып Мырзакматовду алып келип камайбыз деп коёт.Чет олкодо жургон Мырзакматовдон айланбай,Кыргызстандагы коррупционерлерди эптеп камап алгылачы.Тымызын соодалашып качырбай.
01.06.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бири бирин кууп олуп кетет экен да.
Деги онолбойт окшойт Кыргызстаныбыз
01.06.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кулкуну келтиришет суудан кечип отуп качып кеткен деп. Берчуусун берди эле жакшынакай кылып чыгарып койдук Кыргызстандан деп, олуп кетсе да айтпасанар керек.
01.06.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдин баары билет качканын. УКМК билбей калганын кара. Интернети жок окшойт УКМКанын)))
01.06.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айласы канча сыртынан камап, сыртынан соттой берет омур бою деп.
01.06.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүнбөдүм 28 апрелде кеттиби??? Же 27 майда кеттиби???
01.06.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шадиев мультимиллиардер Сотту, УКМКны жөн эле сатып алып өлкөдөн чыгып кетет
01.06.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УКМК караганда участковыйлар да жакшы иш алып барат
02.06.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге ошончо акчаны жеген убакта сразу билишпейт?Кийин кийин чукуп чыгышат.
02.06.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече эле укмк коокуй ал эч жака кетпеген ушул жерде деп атпады беле
02.06.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksy94, Туура ошентип жаткан . Жаш баладай эки суйлогон , бир а бир кун б деген , оздорун дагын текшериш керек ..
02.06.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КРнын УКМКсына нөл деген баа бергим келет. Дагы качыргыла.
02.06.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду карматпайт,каалашынарча соттой бергиле.Качып кетпеш учун камай туруш керек болчу.Мумкун качырып да жибердинерби,Лейлекте экенин аныктай албай,америкада экенин аныктаган.
ruslanz түзөттү 2018-06-02 14:47:45
02.06.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМК откондо эле кыргызстанда эч жакка чыгып ктекен жок деп актанып атты эле , кыргызстанда эмес деген создорго .
02.06.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
02.06.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окууп корунуздор. Оздоруно ишенбейсин кээде .
03.06.2018. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМКга тиешелуу макаланын талкуусу ачык го ыя?)))
03.06.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антарктидага кетип кал ал жакта прокуратура жок кармай албайт
04.06.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арка айылына барсан чек аранын озу жок, чон жолдун озу чекара нары бери отуп журо бересин, тушку тамактанууга барып келесин кошуна олкого. Анан кайдагы суу кечип отуу, чек араны жакшылап тосуп алгыла анан мыйзамсыз отту десе жарашат.
04.06.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой байкуш мултимиллиардер Аскар Шадиев бутун тондуруп суу кечип кыйналган турбайбы. Эми АКШда эс алып жашасын. Кыргызстанды талап-тоноп, карызга тыгып качып кетти. Эл душманы, саткын деген клеймо тагыш керек мындайларга. Уурдап, качып кутулуп кете беришет экен да № 1- коррупционерлер. Шадиевдин кетенин баары билип УКМК эле билбей калганы кызык болуптур.Баардыгы пландалган УКМК прекрасно билген качып кетип жатканын. Элди келесоо ойлоп ар нерсе деп башты айландырышат.
SUPER.KG видео
05.06.2018. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке дагы кучтуу шоумен экен,соз жок. Резиденцияда XXXX экоо кучакташып,кулуп отурушат.Молодцы.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-05 08:51:12
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: