super.kg logo

Унааны токтотуу үчүн 300 метрдей жерге түртүлүп барган инспектор окуя тууралуу айтып берди

 

Бишкекте жол эрежесин бузуп, качууга аракет кылган айдоочунун жол тандабас унаасын токтотуу үчүн 300 метрдей жерге чейин унаага түртүлүп барган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Эмил Нарбеков окуя кандай болгонун SUPER.KG порталына айтып берди.

"Окуя Чыңгыз Айтматов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда мен Lexus 570 үлгүсүндөгү унааны токтотком. Себеби айдоочу жана жанындагы жүргүнчүсү коопсуздук курун тагынышкан эмес. Мен өзүмдү тааныштырып, анын айдоочулук жана унаага тиешелүү болгон күбөлүгүн сурап, административдик протокол толтурдум. Ошондой эле көчүрмөсүн алып, сизге убактылуу күбөлүк берилет деген учурда айдоочу протоколго кол койбой, тийиштүү кагазды күч менен тартып алып, терезесин жаап, качууга аракет кылды. Мен ошол убакта унаанын токтотуу үчүн алдына турдум. Айдоочу буга дагы баш ийип токтобостон 50 метрдей аралыкка түртүп келе берди. Анан жол жээгиндеги жарандардын жардамы менен унааны токтотуп, айдоочу аялды Ленин РИИБине жеткирип, унаасын айып короосуна жеткиргенбиз", - деди Нарбеков.

Инспектор "мен бул окуяда болгону жумушумду так аткардым" деп эсептейт.

"Башында айдоочунун ким экенин билген эмесмин. Кийин сураштырып келгенде депутаттын кызы болуп чыкты. Мен бул жерде милдетимди аткардым да. Анткени бул менин жумушум. Негизи кечээ ал айдоочу тергөө бүткөнгө чейин камакка алынышы керек эле, бирок кечинде үйгө чыгарылып кеткенин уктум. Мындан улам менде иш акыйкат каралабы деген ой пайда болду", - деди инспектор.

Эске салсак, 31-майда "Бишкекте айдоочу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп келди" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабарга" видеосу менен жөнөткөн. Айдоочу окуя болгон жерге барган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын унаасы Ленин РИИБинин айып аянтчасына жеткирилген. Ал эми Бишкек ШИИББи бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик адамына зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш ишин козгогон.



кошулду





Инспекторду капотуна сүйрөгөн аялга карата кылмыш иши козголду

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(16)
01.06.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайсы депутаттын кызы болду экен( кудай аркандын)?
01.06.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
simone,уялчаак депутат кызы окшойт
01.06.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
simone,башка сайттарда бадырайып жазылып турат,ХХХХХХХХХ деген депутаттын кызы деп.Эч Ким тааныбаган атасынын атын чыгарыптырда кызы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-01 14:29:12
02.06.2018. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
simone, Кудаяр хандын кызы экен.
01.06.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Депутаттын кызы болсо,олтуруп кетсе да,камалбайт.Депуттар оздору закон чыгарганы менен,алардын озуно иштебейт закону,карапайым калкка иштейт.
01.06.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эми сен куноо кылдын деп иштен айдатып жибербесе болду. Ушул депутаттар куйгуздуго, закон буларга иштебейт.
01.06.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Күйгүздү ушул "мүйүзү" барлар.Өздөрүн башка ааламдан келгендей сезишет.
01.06.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сиз оз жумуш-ту так аткардыныз, ал кандай жаза алат,аны соттордун уятына жараша.
01.06.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Иштен айдаш керек мындай инспекторду
01.06.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эми кызык болдуго
SUPER.KG видео
01.06.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тооба адамдар эмне болуп кеттат.Бир байкуш карапайым эл болгондо башкача болмок.Кыйындар экенда.Байлыгына,эрине,атасына ишен п ошенткенда
02.06.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каарыган депутат бар эле го экс,убактылуу спикер да болгон Т.А.Ш.Б.О.Л.О.Т Б.А.Л.Т.А.Б.А.Е.В ошонун кызы экен.
02.06.2018. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ааии кудай озун сакта , мына тарбия экс ажонун кызы Бир да жолу Эл оозуна алынган жок, мыйзам бузуп,бул эмне болгон Кыз уят уят уят
SUPER.KG видео
02.06.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тебелеп кетсе, былчыйып олмок ошеерде...тооба. Мындай ГАИ кызматкерлери эмнеге жабышат капотко?Немистер басып киргенсип...каршылык корсотсо видеого тартып алсын да, керектуу жака жонотсун. Чын чынына келгенде мындай ГАИ кызматкерлеринен эл жадады, ошого шермендеси чыгып ушундай ит абалда болушат дайым.
SUPER.KG видео
03.06.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гаичини иштен алыш керек тез
SUPER.KG видео
05.06.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копкондугунду болгон жеринен чыгарса экен сенин ушуну каалайм. Капыстан куураган инспектор чалынып жыгылып кетсе тебелеп деле кетмексин да ушунча да кобосунбу? Машинаны маймыл деле айдайт кичине арыдан бери болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: