"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын сөөгү жерге берилди










Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылып каза болгон "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын сөөгү жерге берилди. Маркумду жерге берүү зыйнаты бүгүн, 4-июнда Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында өттү. Кырсыктан улам күтүүсүздөн дүйнөдөн кайткан Шакированы акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, достору, замандаштары келип катышты.
Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген.
Белгилей кетсек, Сания Шакирова 2018-жылы 28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Нянчанг шаарында өткөн "Miss Universe Beauty" (Турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сынагына катышып, "Missis world" ("Дүйнөнүн сулуу айымы-2018") наамын жеңип алган.
кошулду
Жол кырсыгынан каза тапкан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси жакында турмуш куруу алдында турган



А бугун болсо жок...ээх, кандай гана окунучтуу...
Алдыга койгон кандай гана сонун максаттары бар эле бул эженин...
Аллахым Бейишинен орун берсин...(Амиийнь)