"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" титулунун ээси Сания Шакированын апасы: "Акыркы күндөрү кызымдын ажары мурдагыдан да ачылып жүргөн"




Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылып каза болгон "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын сөөгү 4-июнда жерге берилди. Маркумдун апасы Насипа Мамбеталиеванын айтымында, 12-июнда маркум 31 жашка чыкмак.
"Кызым менен күн сайын жок дегенде беш маал телефон менен сүйлөшүп турчумун. Ал мага каза болгондон бир күн мурун телефон чалды. "Апа, сиз менен сүйлөшө турган сөздөр бар" дегенинен, кеч курун сүйлөшөлү деп телефонду өчүрүп койгом. Эртеси, 2-июнда телефон чалсам, өчүк болуп жатты. Кызым уктаганды жакшы көрчү. Ошондон улам уктап жаткандыр деп көп сарсанаа болгон жокмун. 2-июнь күнү түндө кимдир-бирөөлөр телефон чалып, кызымдын жол кырсыгына кабылганын айтты. "Чолпон-Ата шаарына келип калыңыздар деди. Кызым тирүүбү десем, абалы оор" деп өчүрүп койду. Нес абалда Ысык-Көлгө иним менен сиңдимди алып жолго чыктым. Кызымдын каза болуп калганын Чолпон-Ата шаарынын милициясынан уктум", - деди маркумдун апасы.
"Кызым буга чейин жакында турмушка чыгам деп айткан эле. Бирок алгач укканда каршы болдум. "Өзүңдүн үч балаң болсо, балким, жөн эле коёсуң дедим. Сүйлөшүп жүргөн жигитин буга чейин эки жолу көргөм. Ошол жигит кызымдын колун сурайм деп, Ысык-Көлгө алып кетиптир да. Биз азыркы учурда кызымдын каза болуп калганына ишене албай жатабыз. Интернетте ар кандай сөздөр айтылууда, бирок кызымдын өлүмү уюштурулган болушу мүмкүн дегенге кошулбайм. Ал мурдагы жолдошу менен да жакшы мамиледе болчу. Кечинде күйөө балам келип (ред. 3-июнда) "дүйшөмбү күнү жолугуп, алдыдагы пландарыбыз менен бөлүшмөкпүз" деп ыйлап жатпайбы. Экөөнүн ортосунда үч бала бар болгондон кийин үйгө келип, кабарын алып турчу", - деди Мамбеталиева.
Маркумдун апасынын айтымында, Сания Шакирова акыркы кезде көтөрүңкү маанайда, ажары мурдагыдан да ачылып жүргөн.
Сания Шакированын сулуулук салонунда визажист болуп иштеген Жаркын Мокеева жакынкы күндөрдө Бишкек шаарына дагы сулуулук салонун ачып, башка дагы бир катар иштерди аткарууну пландап жүргөнүн айтат.
"Мен андан улуу болгондуктан эжелеп сыйлап турчу. Жумуш күнүбүз күлкү менен башталчу. Анын сүйлөшкөн жигитин да көрүп калчумун. Ал Санияны сыйлаган, жакшы адам. Акыркы кезде менин колумду сураганы жатат окшойт деп толкунданып жаткан. Биз дагы анын бактылуу болушун каалачубуз. Жакшы жетекчи, эмгекчил аял жана мээримдүү эне эле", - деди сулуулук салонунда иштеген кызматкер.
Маркумдун артында бир уул, эки кызы калды. Алардын улуусу 13 жашта болсо, кичүүсү 8 жашта. Эки кызы "Апабыз бизди эч качан урушкан эмес, биз дайыма анын сулуу жана жылмайган жүзүн гана көрчүбүз. Ал бизге өтө камкор апа болчу" дешти.
Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген.
Белгилей кетсек, Сания Шакирова 2018-жылы 28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Нянчанг шаарында өткөн "Miss Universe Beauty" (Турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сынагына катышып, "Missis world" ("Дүйнөнүн сулуу айымы-2018") наамын жеңип алган.
кошулду
Жол кырсыгынан каза тапкан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси жакында турмуш куруу алдында турган



Саниянын акыркы сапарга узатуу аземине колун сураган жигити барды болду бекен?
Жаткан жериң бейиштен берсин оомиин!
А бугун болсо жок...ээх, кандай гана окунучтуу...
Алдыга койгон кандай гана сонун максаттары бар эле бул эженин...
Аллахым Бейишинен орун берсин...(Амиийнь)