super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде чыккан чыр боюнча Тажикстан билдирүү таратты

 

Видеодон скрин шотТажик Республикасынын чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кырдаал боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу "Азаттыктын" Тажикстандагы кызматы жазып чыкты. Билдирүүдө окуя тууралуу Кыргыз чек ара кызматынын тараткан маалыматы чындыкка дал келбей тургандыгы жазылган.

Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, Кыргыз өлкөсүнүн жергиликтүү жашоочулары жана чек арачылары өздөрүнүн чагымчылдык иш-аракеттери менен Тажик чек арачыларын ыксыз аракеттерге баруусуна мажбурлашканы белгиленген.

"Кыргыз өлкөсү тараткан 4 видеодон тең кечээ, 4-июнда болгон жаңжал Кыргыз тарабынан алдын ала пландалганы көрүнүп турат. Чыр-чатакка биринчилерден болуп Кыргыздын чек арачылары от жагышкан. Кыргыз чек арачылары Тажик чек арачыларын кармаганда алардын денесине катуу жаракаттарды келтирген. Муну менен алар чек ара тилкесиндеги жүрүм-турум тууралуу мурда түзүлгөн келишимди бузушкан. Кызматтык иликтөө башталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Тажикстандын Согдий облусунун башчысынын биринчи орун басары, Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын мүчөсү Рустам Рахматзода "Азаттыктын" тажик кызматына бүгүн, 5-июнда окуя болгон жерде болуп кайтканын билдирген.

Анын билдирүүсүнө ылайык, жаңжал Тажик чек арачылары Кыргыздын 2 соодагерине Тажикстандын аймагына кирүүгө уруксат бербей койгондон кийин башталган. Мындан бир нече мүнөт өтүп мамлекеттик чек ара тилкесине 20 кыргыз унаа менен келип, Тажик чек арачылары менен мушташты уюштурган.

"Чек ара тилкесине келгендер Тажикстандын 3 чек арачысын 4 Калашников автоматы менен Кыргыз аймагына алып кетишкен", - деп билдирген Рахматзода.

Буга чейин Кыргыз чек ара кызматы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жаңжал Тажик чек арачыларынын жүрүм-турум эрежелерин сактабагандыгынан келип чыкканын билдирген. Анда тажик чек арачылары Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасынын аймагында соода кылып отурган Кыргыз жарандарын кууп башташканы, мындан улам 2 тарап ортосунда чыр чыкканы белгиленген.


кошулду





Чек арадагы жаңжал

Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, Тажик аскерлери барымтага алынды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
Медиа-портал
05.06.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне болгон качанкы суперчилер толук маалымат берип турсанар жакшы болот Рахмат
Медиа-портал
05.06.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Qwerty8800,кече болгон бирок
Жалган маалымат таратыптыр тажик
Тарап видиосунда көрүп турабызго
05.06.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХХХХХХ кыргыз жеринде аларга
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 10:59:35
06.06.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni, порталдын эрежелерин сактаңыз!
05.06.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздикилер актай алат бекен эми?
05.06.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Okunboim.,биздин комондирлер а оа деп салыпда берет куноосун тартсын деп
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 10:57:34
05.06.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ХХХХХХХХХХ буларда
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 10:58:31
06.06.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nemo2016, улуттар арасында түшүнбөстук жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
05.06.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тажикстанга санкция жарыялаш керек бензин жана баардык нерселерди сатпоо керек буларга
05.06.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргыз чек арачылары туура кадамга барган.Жай тургундарга зомбулук көрсөтүп кыйынсынып аткандар биздин чек арачылар келгенде жүрөгү түшүп айкыра башташыптыр.Азамат биздин чек арачылар.
Медиа-портал
05.06.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат баарын ушинтип кармаш керек болчу. Бирок бошотуп жиберишкени чатак болуптур жогорку жактан келгенда буйрук. Тажик тарап андай маалымат менен катта холасыны алдайт.
05.06.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу супер инфо Бишкектен кытайга берилген 3 гектар жер Бишкектин кайсыл жеринде кайсыл кочодо айтып кое аласынарбы мен ойлойм бул маалыматты эл билиш керек деп
06.06.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
05.06.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин жетекчилер нота жоното берип тажашбады. Чечкиндуу кадамдарга барыш керек, Баткен жак тажиктерге, Аксы жак Озбек туугандарга отуп кеткенин жергиликтуу эл айта берип тажашты, чек арадан кирсе курал колдонуп кууп чыгуу керек, мекенибиз тоолуу жер, коргонууга жакшы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 11:03:05
05.06.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чамасы тажиктерде да оозу кыйшык болсода байдын баласы суйлосун дегендер жашайтго кечээки окуя аздык кылганго силерге факт болсода кебелебей куноону озубузго оодарып салыпсынар кызык эми биздин чондор эмне деп жооп беришет экен
06.06.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскерлерин өткөрүп алганга чейин унчукпай турушту. Эми болсо кыргыз тарап жасады деп айыпты оодарып жатат. Биздин чоңдор ушунчалык ырайымдуу курал көтөрүп жаман ниет менен киргендерге да кечирим берип жибере беришет. Бул биринчиси эмес. Биздин чоңдор дароо эле өткөрүп беришет. Тажиктер биздин бир жоокерди алып кирип кетишкенде 3 күн муздак суу чачып өлөсө кылып чыгарып беришкен.
06.06.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХХХХХ болдуго бул жагы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 11:05:00
06.06.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boika1986, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! Порталдын эрежелерин сактаңыз! 5 күн БАНга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: