super.kg logo

"Ак жүрөк" кризистик борбору: "Күйөөсү аялын колго тийген бардык буюм менен сабаган"

 

Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча турмуштун оор кырдаалына кабылган кыз-келиндерди камкордукка алган "Ак жүрөк" кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова социалдык тармакка сабалган аялдын денесинин сүрөттөрүн жарыялады.

Анда денесинин таза жери дээрлик калбай, көк ала так менен жаткан аялдын сүрөтү кызуу талкууланууда. Асилбекова аны күйөөсү сабаганын билдирген. SUPER.KG порталы "Ак жүрөк" борборуна байланышып, Дарика Асилбековадан окуянын чоо-жайын укту.

Анын айтымында, азырынча сабалган келин маалымат берүүдөн баш тартып жатат.

Дарика Асилбекова "Анын өзүнүн каалоосу менен биз аты-жөнүн, кайдан келгенин жарыялабайбыз. Келиндин абалы оор, медициналык жардам алып жатат. Мындан тышкары психологдор иштешүүдө, учурда борбордун жактоочусу ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Келин күйөөсү тарабынан сабалган. Көп жылдан бери эле күйөөсү менен жашап, 3төн ашык баланы төрөп берген аялдын ушунчалык кор болгонун кантип жашырам. Балдары чоңоюп, эс-акылына кирип калыптыр. Күйөөсү аны жыгач жана башка колго тийген буюм менен аёосуз сабаган. Денесинде соо жери аз, айрым майда сөөктөрү сынып да кеткен. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Келиндин жакындары милицияга кайрылганы менен ал дагы деле ээн-эркин жүрөт. Тиешелүү тараптын көңүлүн бурдуруу үчүн адам сөзсүз өлүшү керекпи. Эмнеге өз учурунда көңүл бурулбайт. Көпчүлүгү үй-бүлөдө көйгөй боло берет деп көңүл бурбайт, азыркы сүрөттөргө да ишенбегендер болуп жатат, бирок мындайлар көп", - деди Асилбекова.

Ошондой эле ал сабалган келин 30га чыга элек экенин белгиледи. Ал жакындарынын коштоосунда мындан 10 күндөй мурун "Ак жүрөк" кризистик борборуна келген.

"Бул аялдын сабалышы мен көргөн тагдырлардын бир учкуну гана. Биздин борборго үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан улам келип түшкөндөр өтө көп. Мен бул көйгөйдүн токтошун абдан каалайм, кандай болгон күндө да күйөөсү аялына кол көтөрбөш керек", - деп кошумчалады Асилбекова.

"Ак жүрөк" кризистик борбору 2002-жылы негизделген.


кошулду





Күйөөсү денесинен тамтык калтырбай сабаган келин

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
06.06.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ииий байкуш (((( ушунчалыкта сабайбы (( кандай мыкаачы адам ал озуну ушунтип сабап турмого тыгып жок кылыш керек мындай акмакты
Боорум ооруду ( колун кичинекей кесилсе канча ооруйт байкуш денесинин соо жери калбаптырго кантип жатып атат кантип олтуруп атат экен денеси зыркырап ((((( Оо Кудайым ушундай мыкаачы адамга озун жаза бере кор(((
Okunboim. түзөттү 2018-06-06 17:00:12
06.06.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Колун сынгыр эркек болбой олуп кал! Бул да Кудайдын суйгон пендеси, жооп берээрсин. Бундан да откон кордук менен.
06.06.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи аял кишиге кол которгон эркек..ХХХХХХХХ Анчалык кыйын экен, эркектерге ошентип кол которуп корбойбу.. ошол колун ХХХХХ Алсыз аял кишини сабап, самоутверждается. 3 баланы тороп ьерген Кудай алдындагы ак никелуу келинчегине кантип колу барды ушунчалык кылганда..ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 17:21:48
06.06.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам эмес экен...Ылайым колун иштебей аялына кор болуп кал!
07.06.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тема шумдук го. Бир нерсе десен, эрте менен эскертуу каты келет. Андан коро бир колум менен оозумду, бир колум менен .....ду жабайынчы.
07.06.2018. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тема кызыкго туура жазгылачы!!
Mr.enriiko түзөттү 2018-06-07 05:55:10
SUPER.KG видео
07.06.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча токмок жегидей эмне кылды экен байкуш. Акыркы кезде айбандан айырмасы жок болуп, мыкаачы болуп кетип атышат го? Ар бир пендеге ыйман, нысап бере кор ээ Кудай
SUPER.KG видео
08.06.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарыңар эле бир беткей боло бербегиле. Негизи аял тилинен табат. Себебин сурабайсыңарбы ошончолукка эмне жеткирди деп
21.06.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял ушундай абалга келишине озунууууун тииииииллллл деген Нерсеси жеткирет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: