Кубанычбек Кулматов камакта калды
Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук сотун Кулматовду 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу боюнча чечим чыгарган.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.
Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Azatbek.Svoboda.

18.06.2018. 11:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С.Исаков менен К.Кулматовду үй камагына чыгарышса анда спектакльдин сценарийи бузулуп калат да. Себеби С.Жапаровдун күнөөсү жок деп далилдерди келтирсе да актап боштондукка чыгарбай койушту го! Эл көтөрүлүп кетпесин деп кылдаттык менен иштеп жатышат! Эл көтөрүлбөйт эл чарчады алардын акчасын алып революция кылып пайдасы элге эмес ошолорго болуп жатканына түшүнүштү! Эки дос элге урушкандай болуп а бирок иштери бир. Ошолорго ишенген силерда кызык экенсиңер! Карга карганын көзүн чукубайт!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-06-18 11:59:39
Chungyz

18.06.2018. 12:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар менен кулматов эс алууда элге корунбой камакта деп алдабагыла
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.