УКМК: "Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган"
Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. 1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган.
Учурда аталган иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, бүгүн, 18-июнда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотто каралып, соттун жүрүшүндө прокурор Кулматовго карата дагы башка кылмыш иш козголгонун айткан. УКМК бул маалыматты тастыктап, Кулматовго экинчи кылмыш иши 14-июнда "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен козголгонун билдирген.
Буга чейин Кубанычбек Кулматовго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
кошулду
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Атамбаев баарына оозун тыга берген экен. Эми камаш керек АШАны
Эмнеге андан коррупция боюнча сурай албай жатасынар, каяктагы нерселерли ойлоп таап?!! Же женил жаза беруу учун ушул нерселерди ойлоп табуу керек болдубу?!!
Кулматов Бишкектин мэри жана кыргыз-орус фондунун президенти болуп тургандагы коррупциялык афеоалары эле бир том болсо керек... Же ага тишинер отпой жатабы?!!