super.kg logo

Чычкан капчыгайынан унаа сууга кулап, 6 адам жаракат алып, 1 киши көз жумуп, дагы бир аял изделүүдө

 

Бүгүн, 26-июнда Чычкан капчыгайында жеңил унаа сууга кулап 6 адам жабыркап, 1 киши көз жумуп, 1 адам изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Айбек Сатыбалдиев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык саат 02:55 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында катталган.

"Бишкек шаарынан Ош багытына бараткан Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу 1948-жылы туулган Ж.Ж. рулду башкара албай унаа жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 1986-жылы туулган М.И. аттуу жарандын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Дайынсыз жоголгон адам 25-30 жаштар чамасындагы аял болгон, ал ӨКМнын кызматкерлери тарабынан изделүүдө", - деди Айбек Сатыбалдиев.

Маалыматтарга караганда, дайынсыз жоголгон аялдын 1 жаштагы баласы денесинен эч кандай жаракат алган эмес. Учурда ал Токтогул райондук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылат.






Чычкан капчыгайында унаа сууга кулап, 2 киши каза болду

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
26.06.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Степ кыргызды кырып түгөтө турган болдуго, самолётко билет баасын арзан кылып койгондо ушундай болмок эмес, келгиле бир чара көрөлү,
27.06.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
dosym,кырсык болуптур десе эле степвагон дейт биздин жолдор правый рульга конгон эмес албагыла правый руль
26.06.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Правыйларды жок кылыш керек
26.06.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Степти азыр жаштар зорго минип жатат го, каарыганда төрдө эле отурбаптыр да. Жакыныраак жерлерге такси кылса деле ачка калбаса керек эле. Жоопкерчиликти сезгенди билбей калышты го таксисттер,тоготуп коюшпайт адамдардын өмүрлөрү мн ойношуп.
26.06.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
түнкү 3 тө жол жүрүштүн өзү кооптуу
SUPER.KG видео
26.06.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
күнөө степте эмес ошону башкарып бараткан айдоочуда Бишкек Ош жолундагы таксистердин айдаганын көрүп жүрөгүң түшөт алар сол руль болсодо ошондой кырсык кылмак анткени кебирлери укташпай айдашат анан катуу ылдамдыкта
SUPER.KG видео
27.06.2018. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош Бишкек жолуна гаи лерди койбосо ушундай боло берет окшойт.Эки кун болду оздук машинасы мене 120 менен келе атып.астынан машина чыкса чекеге чыга салып антарылып,эки жолу аласалып,ылдый тушуптур. торт адам жабыркады.Дагы жакшы аман калышты.Бирок алган жаратарынан азап жеп больницада жатышат.Ошон учун Гаи лер керек.Болбосо таксистер деле жондор деле учуп куйуп айдашат го.
SUPER.KG видео
27.06.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гаилер жаман дегендер эми коюш керек аларды деп калыптырго
28.06.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Степ жакшы эле машина.просто акырын айдап эрежеси менен журсо эч нерсе болбойт.туну келет да кайра эле кете беришет 7 адам салып алышып.жоопкерчилик жок болуп жатат айдоочуларда.
SUPER.KG видео
29.06.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
правыйбы левыйбы айырмасы жок эрежени сакта менин машинам левый бирок правыйды айыптабайм абайлабасан жоо журуп деле олосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: