super.kg logo

Аралда 30 жыл жашаган кишини мажбурлап адамдарга кошушту

 

Аралда 30 жыл жашаган кишини мажбурлап адамдарга кошушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Масафуми Нагасаки Япониядагы Сотопанари аралында 1988-жылдан бери жалгыз жашап келген.

"Аралда мага керектүү нерселердин баары бар, мага башка эч нерсенин кереги жок. Мен жашоодон ушул жерден эч кимдин тынчын албай көз жумгум келет", - дейт Нагасаки.

Ал күн сайын таң эрте туруп спорт менен машыгып, андан соң пляжды тазалачу. Анын каалоосуна карабай ооруп калган 82 жаштагы карыяны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Исигаки шаарына алып келип карылар үйүнө жайгаштырышкан.

Нагасакинин аралга кеткенге чейинки жашоосу тууралуу так маалыматтар жок. Айрым аны тааныгандардын айткандарына караганда, ал сүрөтчү болуп эмгектенген, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болгон. Бир учурда ал шаардын ызы-чуусунан тажап аралга качып кеткен.

Ал эт, балык жана жумуртка жегенден баш тарткан. Мындай кадамын ал жаратылышка болгон сүйүүсү менен түшүндүргөн.

"Мен таш баканын балдары жумурткадан чыгып сууну көздөй баратканын дайыма карап отурчумун. Дал ушул мезгилде мен жашоо кандай керемет экенин түшүнөм", - деп билдирген Нагасаки.






Аралда 30 жыл жалгыз жашаган кишини мажбурлап адамдарга кошушту

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
26.06.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Масафу биздин азаптуу жашоого кош кел.
Эми сен жакшы жашаш учун окушун керек.
Дом салыш учун кредит алышын керек.Мамлекетке
Налог төлөшун керек.
Элдин балдарына окшоп кымбат машина айдашын керек.

26.06.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кетип калды дегенин угабыз. Баарыбир кетип калат
26.06.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кетип кал эмне кыласын кыйналып бейиштен тозокко кыйнап алып келишиптир да!
26.06.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарын эле жашооно нааразысынарго). Жакшы болуп кетет буйурса
26.06.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
haydarkan, Өзунорду өзунор алдап жашай бергиле дейсиңби?!
26.06.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо кандай сонун керемет жашоо. Аны ооруп калды деп ким айтыптыр?
02.07.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakjakynas,аралга барып туратда квбар алып жакын эледир марс эмес го
26.06.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Японияда жашап ошентип качса,Кыргызстанда болуп калса анда...
27.06.2018. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эт,балык,жумуртка жебесе аралда кантип,эмне жеп жашады?
SUPER.KG видео
28.06.2018. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде болсо ооруп калыптыр деп ооруканага алып келсең, врачтар уялбай туруп акча сурамак! Акчасы жок десең кабыл алмак эмес!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: