24 жаштагы Айжамалды 6 ай бою кордоп келди делген анын чала таанышы тууралуу кошумча маалыматтар белгилүү болду
“Мени чала таанышым 6 ай бою кордоп жүрдү” деген 24 жаштагы Айжамалдын (аты өзгөртүлдү) арызынын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Айжамал мурда да Жыргалдын (аты өзгөртүлдү) үстүнөн арыз жазган.
“Айжамал 11-майда Ленин РИИБине арыз менен кайрылып, кайра арыздан баш тарткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө Айжамал Жыргал аттуу бала менен чын эле жакын мамиледе болуп жүргөнү аныкталды. Ал эми Жыргал жакыр жашаган, инилери менен айдоо аянтында күнүгө 500 сом таап иштеп келгени белгилүү болду. Аны тааныштары түз жүргөн, тартиптүү бала катары таанышат экен. Учурда Айжамалдын арызы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгынан кийин Айжамалдын зомбулук көргөнүнүн чын-төгүнү аныкталат”, - дешти милициядан.
Айта кетсек, Лейлек районунан Бишкек шаарына иштөө үчүн келген 24 жаштагы Айжамал аны Жыргал аттуу бала 6 ай бою зордуктап, кыйнап келгенин айтып берген.
кошулду
6 ай бою чала таанышынан зордук көргөн кыз


















1 |