Чычкан суусуна түшүп кеткен унаа кырсыгында аман калган 1 жаштагы баланын туугандары изделүүдө. Баланын апасы кырсыкта көз жумган



Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадан каза болгон келиндин баласы Токтогул райондук ооруканасында багылууда. Милиция туугандарын табууга жардам сурайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жол кырсыгынын кесепетинен 1 жаштан өтүп калган баланын апасы каза болуп калган. Учурда маркум келиндин аты-жөнү такталбай жатат. Ал эми уулу Токтогул райондук ооруканасында багылууда. Баланын абалы жакшы, жаракат алган эмес. Мындан улам каза болгон аялды же баланы таанып-билгендер болсо Токтогул РИИБине байланышууну өтүнөбүз", - деди маалымат катчы.
Байланыш телефондор: 03738 5 02 02
Эске салсак, 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун Өрүктү тилкесинде Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26-июнь күнү саат 06:35те ӨКМнын Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Ал эми экинчи адам изделип жаткан. Ал эми унаа Бишкектен Ошко бара жатканы маалым болгон.
кошулду
Чычкан суусуна түшүп кеткен унаада тирүү калган наристенин туугандары изделүүдө

Сумка кийимдери сууга агып кетиптир. Ошол учун ким экенин аныктай албай жатышыптыр. Жана жанылыктапдан ошондой деп берди.
Апасын издеп ыйлап жаткан го. Атасы кайда экен?
Апанын бейишин берсин сенин омуруну берсин кудайым.
Жогоруда болом дептир туугандары тапкандыр