Жалал-Абад ОИИБи: "Токтогулда майып кызды зордуктаган деген шек менен 1997-жылы туулган 2 бала камакка алынды"
Токтогулда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаган деген шек менен 1997-жылы туулган 2 бала камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин SUPER.KG порталына Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну белгисиз адамдар анын кызын күч колдонуп зордуктап, ур-токмокко алгандыгы тууралуу айтып берген.
Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБи төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Токтогул РИИБине, аталган райондун Өзгөрүш айылынын Аң-Арык участкасынын тургуну 1971-жылы туулган Б.Г. арыз менен кайрылган. Анда 12-июль күнү болжол менен саат 18:00дөр чамасында Өзгөрүш айылынын Аң-Арык участкасындагы жайгашкан үйүнүн короосунун сыртынан 2001-жылы туулган Ө.кызы.А. аттуу
кызын белгисиз балдар ак түстөгү автоунаага салып кетишип, Токтогул районунун Жетиген айылынын Ак-Жар участкасындагы талаага алып барып саат 21:30дар чамасында унаанын ичинде эле кыздын эркине каршы күч колдонуп зордуктап койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган", - дейт маалымат катчы.
Арыздын негизинде 13-июль күнү Токтогул РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү деп Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургундары 1997-жылы туулган Н.уулу.Ш. жана К.уулу.С. колго түшкөн. Кармалган жарандар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышып, иликтөө иштери бүткөнгө чейин 2 айга камакка алынган.
Ал эми жабырлануучу тарапка соттук-медициналык экспертиза жана башка дагы тийиштүү эскпертизалар дайындалган. Азыркы күндө аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу күтүлүүдө.
кошулду
Майып кызды зордуктоого шектелип айылдаш 2 бала кармалды



Эми жок дегенде беш,он жылдык жазаа...
ХХХХХХХХХХ
Гинеколог кыз деген чакта дагы,кандай акысы бироонун кызын кеч куугумдо салып кеткенге,майып дагы экен.Малдар 21 жаштагы балдар жаман жакшыны билип эле калышты го.