super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр ички иштер министрине Бурулайдын атасы менен жолугушууну тапшырды

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жеке жолугушуп, анын жүйөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, анын жеке көзөмөлүндө турган 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча кылмыш иши аягына чейин чыгарылат, кыздын өлүмүнө шектүү 30 жаштагы эркек менен бирге бардык күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыйкат жазаланат.

Эске салсак, ушул жылдын 27-майында 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызды бычактап, андан кийин өзүнө да бир нече жолу бычак сайып жиберген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.

Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.






Бурулайдын өлүмү. Ала качкан адамдын досу да камакка алынды

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: