super.kg logo

Ноокатта никесиз төрөгөн кызды өлтүрүүгө шектелген эне-балага адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

 

Ноокатта никесиз төрөгөн кызды өлтүрүүгө шектелген эне-балага адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"22 жаштагы А. кызы Ш.нын өлүмүнө шектелип Ноокат районунун Бел айылынын 1971-жылы туулган А.З. (маркумдун апасы) жана 1994-жылы туулган А.М. аттуу (маркумдун агасы) тургундары кармалган. Маркумдун апасы сурак учурунда кызы акыркы күндөрү аларга баш бербей, каалаган убакта үйүнөн чыгып кетип жүргөнүн айткан. Ушул жылдын май айында кызы белгисиз жарандан уул төрөгөн. Бирок төрөт үйүнөн эле баланы өз каалоосу менен багып алам деген үй-бүлөгө өткөрүп берген. Кызынын ыплас ишке барганына ачууланып, аны коркутуп коюу үчүн колу-бутун байлап, баласы менен айылдагы каналдын жээгине түнкү саат 12де алып барышканын айткан", - дейт маалымат катчы.

"Ал эми каза болгон кыздын агасы апасына жардам берип, карындашын каналдын жээгине көтөрүп алып барган. Суунун жээгине барганда ал карындашынын таңылган колун чечкен. Ошол учурда апасы кызды сууга түртүп жибергенин айткан. Соттук-медициналык экспертиза кыздын денеси сууда 10-12 күн жатып калганын аныктаган. Учурда аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт басма сөз катчы.

Эске салсак, Ош облусунун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн.






22 жаштагы кыз никесиз төрөгөнү үчүн апасы менен агасынын колунан өлүм тапкан

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.07.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун апасынын кандай колу барды, олтурууго.? Агасы да буткон неме окшойт. Тообо!
18.07.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо жаматы мен конок тайпасында болгонум учун саясат болумуно жаза ашбайтам. Айтайын дегеним бугун танга маал Москванын бир жолунда уч кыргыз жараны каза болуптур. Оздугун билбей атышат. Тактап бергилечи сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: