super.kg logo

Райондук сот Сапар Исаковду камакта калтырууну эки айга узартты

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узартты. Мындай чечимди ишти караган сот Айбек Эрнис уулу кабыл алды.

Сапар Исаковдун жактоочуларынын бири Замир Жоошовдун айтымында, соттун чечимине ылайык, Исаков 5-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Ал эми тергөө иши 13-октябрга чейин узартылганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ишин карап, аны 2 айга камакта калтырган. 24-июлда Жогорку Сот шаардык соттун камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.


кошулду





Сот Сапар Исаковду камакта калтырууну эки айга узартты

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
31.07.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапар толуп. . . кулуп жайнааап журот ко. . .
SUPER.KG видео
31.07.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кураторго музейдеги ишчи козголбойбу?
31.07.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар уялбайт, ушунчада болушат экен тооба, "таза коом"деп, ага "кырк кадам" деп, жакшы ошол таза коомуна жетпей калдык, ушул прогаммаларыныз эмне болду деп сурап коруш керек экен, жаш экенсин, булганып алдын го, эээ чиркин дуйно, качан адамдык саппаттарыбыз, оорчуп, аларды пайдаланып адамдарга мамиле жасай алабыз ......
asash түзөттү 2018-07-31 23:28:00
01.08.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сапар Исаков таза адам. Бул жерде Жээнбековдун саясаты болуп жатат.
01.08.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
i1urp,убагында Сапарыңдын деле саясаты жүргөн бүттү Сапарың чирийит эми...
SUPER.KG видео
01.08.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кичи пейил жакшы бала корунот(
01.08.2018. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША атан колдонуп туруп таштап салдыбы.Кускула эми жеген акчанардын баарын 20 жылды беретго эми ошол жактан пенсияга чыгасын
01.08.2018. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камагыла болгон мулкторун баарын окмоттун эсебине кайтарып алгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: