super.kg logo

Орусияда Кыргыз жараны ур-токмокко алынып, алган жаракатынан улам 5 күн эсине келбей каза болду

 

Орусиянын Зеленоград шаарында 43 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-июль күнү болгон.

43 жаштагы Ө.А. аттуу Кыргыз жараны жана аны менен бирге эс алып жүргөн адамдардын ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыккан. Мындан улам ал ур-токмокко алынып, андан соң аны ошол жерге таштап кетип калышкан. Анын жерде жатканын көргөн адамдар "Тез жардам" чакырышып, Зеленоград шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жатып, тактап айтканда, 31-июль күнү каза болгон. Бул окуя боюнча Зеленоград шаарынын тергөө комитети иш козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

"Учурда шектүүлөр кармала элек. Маркумдун сөөгү 2-август күнү Москва-Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн. Бишкек шаарынан туугандары тосуп алып, Токтогул районунда жерге берилет", - деди Улан Кошматов.

Ошондой эле Улан Кошматов маркумдун сөөгүн жөнөтүү боюнча каражат топтоп жакындан жардам берген мекендештерге рахмат айтып, ыраазычылыгын билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.08.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Колдору сынсын. Олгончо да сабайбы?(
Tansuluu09 түзөттү 2018-08-03 13:04:22
03.08.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул окуя биз жашаган шаарда болду.....
Чогу арак ичип отурушуп уруша кетишиптир....
Эээх арак адамды эмне гана кылбайт.
03.08.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тобаа жакшы жаңылык барбы өзү
04.08.2018. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сонку кабарларды окуганда зээнин кейийт. Ар мунот сайын кылмыш кырсык. Бу неден кабар берет???
04.08.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш ииий, дагы бир карапайым адам экен. Буюмдарына караганда.
04.08.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар ботон жерде тынч эле жургулочу урушпай, Эми ушу жасаганынар кимге пайда кимге зыян, жаткан жери жайлуу болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: