Азиза Абдирасулова: "Офицерлер тарабынан зомбулукка кабылган жоокерлердин бири психиатриялык ооруканада жатат"
"Ала-Тоо" полигонунда 6 жоокер офицерлер тарабынан кордукка кабылганын айтып, алардын ата-энелери "Кылым шамы" уюмуна арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
"Ала-Тоо" полигонунда офицерлер тарабынан кордукка кабылган жоокерлердин бирин мажбурлап психиатриялык ооруканага жаткырышкан. Азыркы тапта дарыгерлер ал жоокерге так диагноз коюла электигин жана алардын көзөмөлүндө болуп жаткандыгын билдиришти. Бул иш боюнча да иликтөө жүргүзүлүп жатканын Башкы штабдан кабарлашты", - деди укук коргоочу.
Жоокерлерди токмоктоп, кулдай иштетип, акчасын алып жүргөн делген кызматкерлер иштен айдалды
Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

1. Биз деле ал аскер болукто жакшынакай эле кызмат кылып, милдетибизди аткарып келгенибизге аз эле болду.
СМИге маалымат бергенде Бир жактуу кароо жана ошол боюнча кабыл алуу туура эмес менин оюмда.
2. Кой Таш аскер булугу - бул легендарлуу гвардиялык а/б. Ким кызыгып кызмат кылган болсо, тарыхын окуса билет. Шаг тебишти 1 ай КМБда(курс молодого бойца) эле уйротуп коет