Премьер-министр: "Алдыда 300 миңге жакын жумуш орун түзүүнү көздөп жатабыз"
"2040-жылга карата Улуттук стратегиябызда биринчи жолу адам укугуна өзгөчө мамиле жасалып жатат". Бул тууралуу 13-августтагы Улуттук кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Өкмөт башчы 2040-жылга карата жасала турган иштер, пландар тууралуу маалымат берди.
"Алдыдагы жылдарда 300 миң жаңы жумуш орун түзүүнү көздөп жатабыз. Биздин максат - Кыргыз мамлекетин бизнес рейтинги боюнча дүйнөдөгү мыкты 50 өлкөнүн катарына киргизүү. Ишкердикти текшерүү азаят. Өкмөт ишкерлердин Бизнес-акыйкатчы институтун ачуусун колдойт. Инвестициялык талаш-тартыштарды соттук эмес жол менен чечүүгө аракет кылабыз", - деди ал.
Ошондой эле кен иштетүүдө элге түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
Учурда Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтүүдө. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынмакчы. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылууда.


Коррупционерлер четинен еамалбай эле четинен бийликке келип жатат го...
Айрыкча 2 мзр тууралуу кандай гана кептер айтылды, бирок баары бир бийликке келишти...
300 мин жумуш оруну 20 жылда тузулобу жокпу эч ким билбейт. 20 жылдан кийин бугун торгой болуп сайрагандарды саясаттан таппай да каласын.
Союз учурунда 5 жылдык пландар тузулуп ошол пландар аикарылуучу, 100% болбосо да 95-98%. Азыр 5-10% да аткарылбайт, кур
Президенттик шайлоо да ошол. Алар да куру убадачы. Же Соке убадаларын аткарып жатабы?!!
Ар Окмот шайланып жатканда тигини-муну кыйратабыз, палан-тукун иш кылабыз дейт. Алардын айтканлары да соз бойдон калат...
Биринчи озунор шайлоо алдында берген убаданарды орундатып алгылачы!!!
Акыркы бир жылда канча завод-фабрика курулуп канча жумуш оруну тузулду, санап берчу биринер барбы ыя?!!
Кечооку чеснок боюнча макаланы окуп чыктым. Дыйкандар чесногун 1 кг 5 сомдон сатып жатышыптыр. Азыр талаадагы даяр чесноктун бир килосун 5 сомго бироо казып да бербейт...
Элге жомок айткыча ошол дыйкандарга жардам берсе болбойбу Окмот?!!
Жашылча-жемиш сактоочу кампалар курулат дешти эле, толтура, кана ошо
Окмот элге жомок айткыча, басып барып "ээ дыйкан, абалын кандай, тушум кандай, курсагын тоюп жатабы?" деп сурап коюга жараса болбойбу?!! Дыйкандардын мээнети акталбай, копчулугу тышка тентип кетип жатканы да калппы?!!