"Мен сен жөнүндө баарын билем..." деген катты коркутуулар менен тараткан Momo оюну Кыргыз өлкөсүндө да пайда болду. Буга ИИМдин жообу
WhatsApp тиркемеси аркылуу тарап жаткан Momo оюну Кыргыз өлкөсүндө да жайылууда. Аталган оюн көпчүлүк учурда өспүрүм курактагы балдар, кыздардын психикасын бузат. Тактап айтканда, өзүн Momo деп тааныштырган колдонуучу япониялык сүрөтчү Мидори Хаясиге таандык айкелдин сүрөтүн коюп алып, белгисиз номерден зордук-зомбулуктун сүрөттөрүн, "өлтүрүп кетем" деген коркутуу иретинде жазылган каттарын жиберет. Мындай коркутууга дуушар болгон 16 жаштагы каарманыбыз (аты-жөнүн атагысы келген жок) буларга токтолду.
"Мага Кыргыз өлкөсүндөгү уюлдук операторлордун бирине таандык номер менен белгисиз бирөө каттарды жазды. Башында тамаша катары кабыл алып жооп жазгам. Бирок ал мага "мени менен тамашалашпа, мен сен жөнүндө баарын билем" деген билдирүүлөрдү жибере баштады. Ал менин ата-энем, чоң эне, чоң атамдын аттарын, канча бир тууган экенимди айтып, алтургай жашаган аймагымды билерин, кечинде келип өлтүрүп кетерин жазып, өзүнүн сүрөтүн жиберди", - дейт ал.
Ошондой эле каарманыбыздын айтымында, анын тааныш кызына чет элдик номер менен белгисиз бирөө жазып, өзүн Momo деп тааныштырган. Ага дагы ушундай өңүттөгү каттарды жиберген.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул оюнду "Көк кит" оюну өңдүү коркунучтуу экенин айтып, атайын профилактика жүргүзөрүн билдирди.
"Momo" оюнунда куратор социалдык тармактардан атайын колдонуучуларды издейт. Алар көпчүлүк учурда өспүрүмдөргө коркунучтуу сүрөттөрдү жана видеолорду, ар кандай билдирүүлөрдү жөнөтөт. Андан соң колдонуучуга ар кандай буйруктарды бере баштайт. Эгер оюнчу андан баш тартса, аларга түздөн-түз өздөрү келип коркута турганы жазылат. Эгерде ушундай билдирүү жибергендер болсо катка маани бербестен, билдирүү жиберген номерди дароо блокко киргизүү керек", - деп маалымдады.
Буга чейин маалым болгондой, Өзбекстандын Ички иштер башкармалыгы бул оюндан сак болууну эскертип, маалымат тараткан.
WhatsApp аркылуу коркутуп, кат тараткан "Moмo" оюну Кыргыз өлкөсүндө да пайда болду

зееригип атам
Тааныштарынар эле жазат.
Мен да ошол суротту коюп тааныштарыма жаздым. Бир туугандарын, Ата-энесин атынан бери айтып бердим.
Таанып алды