super.kg logo

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Кыргыз жараны Чыңгыз Анарбек уулу дагы 2 айга камакта калды

 

Орусиянын Москва шаардык соту 16-июнда жол четинде бараткан жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Кыргыз жараны Чыңгыз Анарбек уулунун ишин дагы 2 айга жылдырылды. Бул тууралуу Москва шаарынын Тверь райондук сотунун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-август күнү Тверь райондук сотунда Чыңгыз Анарбек уулунун иши каралган. Сот анын ишин 2 айга жылдырууну чечкен. Ошентип кийинки соттук отурум 16-октябрда болмокчу.

Эске салсак, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси айдап баратып жол четиндеги жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-июнда Таган райондук соту шектүү катары кармалган Кыргыз жаранынын баш коргоо чарасын карап эки айга камакка алган болчу.

Чыңгыз Анарбек уулу сот залында күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабыркагандардан кечирим сураган. Ал такси кызматына карызынан кутулуу үчүн мындан бир ай мурда орношкондугун, күнү-түнү иштеп, уктап кеткенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.08.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах женил кылсын ишин!!!Тезиреек кутулуп кет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: