super.kg logo

98 Кытай жаранына жасалма Кыргыз паспортун бергендерге сот өкүмү чыкты

 

Ош шаардык соту жасалма документ жасоо иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Т.К.М. жана Х.М.Х. аттуу 2 Кыргыз жараны Я.М. аттуу Кытай жараны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз жарандарын умрага арзан баада жөнөтүүгө жарыя беришкен. Алар 98 Кыргыз жаранынын паспортун чогултуп, виза ачтырып алган соң ар кыл себептерди айтуу менен паспортторду ээлерине кайтарып беришкен. Андан соң 98 жасалма Кыргыз паспорту жасалып, ага алынган визалар чапталып аларды Түркияга жеткиришкен. 2016-жылдын 18-майында 98 Кытай жаранын Кыргыз паспорту менен Сауд Арабияга умрага жөнөтүп жатканда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалышкан.

Ош шаардык соту Т.К.М. аттуу жаранды "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" беренесине ылайык күнөөлүү деп таап 6 жылга эркинен ажыратып, "Шарттуу соттоо" беренеси боюнча жазасы шарттуу деп табылып, 2 жыл сыноо мөөнөтү берилди.

Х.М.Х. аттуу жаранды "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" беренеси менен 7 жылга күчөтүлгөн тартипте кармоо чечими чыгарылып, "Шарттуу соттоо" беренеси боюнча жазасы шарттуу деп табылып, 3 жыл сыноо мөөнөтү берилди.

Я.М. аттуу жаран "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" беренесине ылайык 4 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.

Бүгүнкү күндө өкүмгө прокуратура тарабынан даттануу болуп, иш Ош облустук сотунда каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(15)
15.08.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Катуу чара корбосо болбойт. Ансызда кытай басып кетти
15.08.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Дебилы эмнеге сыноо мооноту берилди бизде акыйкаттык жок. Бир тоок урдасан 5 жылга кесилесин. А бул эшшек мээлер мамоекетти сатып кетип жатпайбы. Кобуроок акча сунуштасан башка жагвн да берип диберет буга окшогон кок мээлер
15.08.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сатылма соттор. Коррупцияга белчесинен баткан соттор!!!

Эгер ушул окуя Кытайда орун алганда, тиги жасалма документ жасагандар атууга кетмек. Ал эми бизде шарттуу окум. Шарттуу дегени жазаланбады дегендей эле кеп да. Ошол учун жасалма докуменнт жасаган "жээндер" кутуруп журот...

Акыйкаттык, адилеттуулук жок олкодо. Анан ким бироолор Сокени мактагандан тажашпайт. Соке жакшы иштесе кана адилеттуулук?!!
15.08.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акыркы соттолуучу адамдын акчасы азыраак окшойт сотторго берип чыкканга.
15.08.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ото эле женил го жазалары ...
15.08.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Женил жаза бериптир. 98 кытайлыктарды да жазага тартыш керек эле ал жагында карабапсынар
15.08.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизиш керек Бийлик 15 жылдан өйдө бериш керек жазалма документ жазагандарга
15.08.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шартту дегени кадимкидей эркиндик дегени го
15.08.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кече жакында эле бир алкаш коншусунун туздалган огурцин вареньесин дагы бир темир бочкасын урдаганды 7 жылга кести эле Кайдагы акыйкаттык кайдагы реформа биздин соттор Кыргыз туготмой болдуго
15.08.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вабще туура эмес окум.
15.08.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне себептен бизди башка өлкөлөр тоготпойт-деген суроого жоопту ушул жерден тапсак болот.Биз өзүбүзгө кыйынбыз,башкалар доллардын чекесин көрсөтүп койсо болду батинкесине чейин жалайбиз.Жер сатсак,завод-фабрикаларды сатсак,адам сатсак,паспорт сатсак,Еврейлерди жолдо калтырмай болдук сатуу жагынан.Өкүмду окуп күлкүм келди.Ошол паспорт сатуучуларга өкүмдарлар өздөрү крыша даа.Элди эмес өзүнөрдү өзүнөр алдап иштей бергиле.Силердин жазанарды Кудай берсин.Оомин!
15.08.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул окумду чыгарган судялардын оздорун кошо камаш керек эмнеге женил жаза берет демек бул жерде коррупся бар
15.08.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот реформасы журбой эле ордунда тонуп калыптыр , 5 жыл ылдый тушом 20 , 30 мин когунон эле болсо деп алайып журуп чыккан окум, Ар бир мучонор бирден чирип анан олсонор экен, Соода эми бутту деп эле койбопсунар Супер
15.08.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча үчүн мекенибизди да сатканга даярбыз
16.08.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип ушундай болсун азго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: