Ошто 6 жаштагы бала өз үйүнүн короосунда токко урунуп каза болду

Маалыматка ылайык, окуя 26-август күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Маданият айылында катталган.
"6 жаштагы Ж.А. өзүнүн үйүнүн короосунда ойноп жатып кокустан электр зымын кармап алган. Аны ошол замат ооруканага алып барышкан. Бирок медициналык текшерүүдө ал жолдо эле каза болуп калганы аныкталган. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБинин ыкчам-тергөө тобу аталган жерге барып, кароо жүргүзүшкөн. Ошондой эле өспүрүмдүн ата-энеси эч кимге дооматы жок экендигин жана уулунун жансыз денесин медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан", - деп билдиришти облустук милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Ата-энелер коопсуздук чарасын коруш керек да уйдо да сыртта да.