Комузчу Руслан Жумабаев каза болду
Комузчу Руслан Жумабаев каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов тастыктады.
Анын айтымында, Руслан Жумабаев 10-сентябрда көз жумду.
Маалыматка ылайык, Жумабаевдин бөйрөгү ооруп, ооруканада дарыланып жаткан. Ал 45 жашта болчу.
Жумабаев Кыргыз улуттук консерваториясында "Ордо сахна" тобунда иштеген. 2016-жылы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн 1000 комузчу менен аткарган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Руслан Жумабаевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
"Маш ботой" 1000 комузчунун аткаруусунда
"Маш ботойду" миң комузчу менен черткен Руслан Жумабаев 45 жашында көз жумду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:43
2025-11-03
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун,жакындарына сабыр тилейм.
P.S Урматтуу, Супер Инфо жамааты, ушундай залкар адамыбызды темада жөн гана комузчу деп жазганынар аздык кылат..
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.