Баткенде аткезчилик жүк менен 2 Кыргыз жараны кармалды
Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасынан аткезчилик жүк менен 2 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-сентябрда Баткен облусунун Каксай аймагынан Тажикстандан Кыргыз жерине 2 тоннадан ашык пиязды өткөрүүгө аракеттенген эки жаран кармалган.
Териштирүү иштеринин алкагында пиязды Кыргыз жерине өткөрүү үчүн тиешелүү документтер, уруксат кагаздары жок экени аныкталган. Кийин Кыргыз жарандары жана жүк тиешелүү мекеменин кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, териштирүү иштери башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.