super.kg logo

Бишкекте "жардыруу болот" деп жалган маалымат берген жаран мас абалындагы пенсионер болгону аныкталды

 

Бишкекте "жардыруу болот" деп жалган маалымат берген жаран мас абалындагы пенсионер экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, ушул жылдын март айында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам телефон чалып, Махатма Ганди жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу болорун маалымдаган. Аталган дарекке тиешелүү мекеменин кызматкерлери барып, аймакты текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 72 жаштагы С.К. аттуу шаар тургуну мас абалында жалган маалымат билдиргени аныкталды.

Бул факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.09.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калжындаган карыганда жон эле журбойсунбу
13.09.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто, жаштардан кем эмесмин дептир да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: